Дүйнөдө коронавирус менено оругандардын саны 29 миллиондон ашты

Дүйнө жүзү боюнча статистикалык эсептөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 29 миллиондон ашты, бирок ошол эле учурда оорудан айыккандардын саны 21 миллионго жакындап калды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Worldometer, веб-сайты дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен ооругандардын саны жекшемби күнү кечинде 29 миллиондон ашканын билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 29 127 686 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 927 141 адам көз жумган. Ал эми, 21 миллионго жакын адам оорудан айыгышкан.
Вирус жайылган өлкөлөрдүн ичинен илдетти жуктуруп алган 6,7 миллиондой учур катталып, Америка Кошмо Штаттары коронавирус эң көп катталган өлкө болуп эсептелет.
Билдирүүгө ылайык, АКШда акыркы сутка ичинде вирустан 286 өлүм катталган. АКШда жалпысынан 198 миңге жакын өлүм катталып, коронавирустан эң көп каза болгон өлкөлөрдүн катарында дагы биринчи орунда турат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом жакында БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөн жыйында: “Учурда сыйкырдуу курал жок жана эч качан жок болбошу мүмкүн”, – деп билдирген.

Комментарий жиберүү