Йеменде 2 миллион бала өмүр менен өлүмдүн ортосунда жашайт

БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФтин болжолунда, Йеменде 2 миллиондой бала өмүр менен өлүмдүн ортосунда жашайт. 

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду ЮНИСЕФ 2 миллион йемендик бала жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучу алдында тургандыгын эскертти. айтылат. ЮНИСЕФтин өкүлдөрү иликтөөлөргө таянып, 2 миллион йемендик бала, анын ичинде беш жашка чейинки 325 миң бала тамак-аштын жетишсиздигине туш болушканын маалымдады. Аталган уюм йемендик балдар медициналык кызматтар жок , экономикалык жана турмуштук начар шарттарда жашоо үчүн күрөшүп жатканын кошумчалады.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Йемендеги балдар Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалициянын Йеменге каршы 6 жылдык агрессиясынан эң көп жапа чекти. Тамак-аштын, медициналык кызматтардын жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын жоктугу учурда йемендик балдар туш болуп жаткан эң маанилүү көйгөйлөр болуп саналат.

Комментарий жиберүү