Кыргызстан курал сатууга убактылуу тыюу салды

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ок атуучу курал-жарак сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин атайын буйругу чыкты.

Ага ылайык, курал саткан дүкөндөр толугу менен убактылуу жабылат. Учурда атайын уруксат документтин негизинде курал сактаган жарандарга куралды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Өлкөдө курал жарак сатууга маал-маалы менен тыюу салынып келет. Айрыкча чоң масштабдагы, мисалы: шайлоолор сыяктуу ири иш-чаралардын өтөөрү алдында жана коомдук коопсуздукту сактоо үчүн өзгөчө абалдарда тыюу салынат.

Быйыл, 4-октябрда, Кыргызстандын жаңы парламенти шайланат. Ага 16 партия ат салышууда.

Комментарий жиберүү