Рохинжа мусулмандарына кол салуу адамзатка каршы кылмыш болуп саналат

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы жасалып жаткан зордук- зомбулук жана кол салуулар адамзатка каршы кылмыш болушу мүмкүн деп эсептейт.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип  кабарлады.

Мишель Бачелет  Женевадагы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 45-сессиясында Мьянма тууралуу окуган баяндамасында, Мьянма армиясы жана буддисттердин  2017-жылы  бул өлкөдөгү рохинжа мусулмандарына жана карапайым адамдарга каршы баштаган чабуулдарынын жана зордук-зомбулуктарынын айрымдары аскердик кылмыш жана адамзатка каршы кылмыштар болушу мүмкүн экенин айтты.

“Ракхайн штатындагы мусулмандарга жана башка этникалык топторго каршы зомбулуктар уланып жатат. бул кагылышууларда айрым жай тургундар дайынсыз жоголуп, өлтүрүү, жай тургундарды массалык түрдө көчүрүү, негизсиз камакка алулар, кыйноолор, камактагы өлүмдөр жана башка ушул сыяктуу олуттуу адам укуктарын бузуулар болууда”, – деди Бачелет.

Ал БУУнун Башкы Ассамблеясы жана Адам укуктары боюнча кеңеш Мьянмадагы кылмышкерлерди жоопко тартууну талап кылышканын айтып, бирок  тилекке каршы, бул боюнча эч кандай конкреттүү иш-аракеттер көрүлбөгөнүн белгиледи.

Эске салсак, 2017-жылдын 25-августунан бери Мьянманын армиясы экстремисттик буддисттер менен бирге өлкөнүн батышындагы Ракхайн штатындагы мусулмандар тобу бир катар чек ара бекеттерине кол салган деген жалган шылтоо менен бир катар мусулмандарды өлтүрүлүп, аялдарга кол салып, үйлөрүн жана чарбаларын өрттөп, көпчүлүгүн коңшу Бангладешке көчүрүп жиберген.

Комментарий жиберүү