Японияда жаңы премьер-министр шайланды

Японияда жаңы премьер-министр шайланды

Бүгүн, 16-сентябрь Япониянын министрлер кабинетинин мурдагы башкы катчысы Ёсихидэ Суга өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп шайланды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайы,  Япониянын парламенти өлкөнүн башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясынын жаңы төрагасы Ёсихидэ Суганы премьер-министр кызматына бекитти. Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэнин өкмөтү кийинки өкмөттүн кызматка киришине жол ачуу үчүн бүгүн расмий түрдө отставкага кетти. Ёсихидэ Суга 462 добуштун ичинен 314 добуш алды. Эске салсак, Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна  байланыштуу өткөн айда кызматтан кеткен.

Прочитайте больше

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда кылган “шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды” деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) маалымдады. Маалыматта айтылгандай, Финпол Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата “шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле “элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөнү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян…

Прочитайте больше

Имран Хан: «Эгер бүтүндөй дүйнө Израилди расмий тааныса, Исламабад аны тааныбайт»

Имран Хан: «Эгер бүтүндөй дүйнө Израилди расмий тааныса, Исламабад аны тааныбайт»

Пакистандын премьер-министри Имран Хан эгер бүтүндөй дүйнө Израилди расмий түрдө тааныгысы келсе, Исламабад ал ишти кылбайт жана эч качан Палестина элинин каалоосуна каршы келген чечим чыгарбайт деп баса белгиледи. Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.   Пакистандын премьер-министри БАЭден кийин Бахрейндин Израиль менен мамилелерин жөнгө салышы боюнча пакистандык «92» каналына маек берип, «Эгер бүтүндөй дүйнө Израилди расмий тааныса, Исламабад аны тааныбайт жана эч качан Палестина элинин каалоосуна каршы келген чечим чыгарбайт. Биз палестиналыктарды колдойбуз. Бул ар дайым Пакистандын…

Прочитайте больше