Имран Хан: «Эгер бүтүндөй дүйнө Израилди расмий тааныса, Исламабад аны тааныбайт»

Пакистандын премьер-министри Имран Хан эгер бүтүндөй дүйнө Израилди расмий түрдө тааныгысы келсе, Исламабад ал ишти кылбайт жана эч качан Палестина элинин каалоосуна каршы келген чечим чыгарбайт деп баса белгиледи.

Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.   Пакистандын премьер-министри БАЭден кийин Бахрейндин Израиль менен мамилелерин жөнгө салышы боюнча пакистандык «92» каналына маек берип, «Эгер бүтүндөй дүйнө Израилди расмий тааныса, Исламабад аны тааныбайт жана эч качан Палестина элинин каалоосуна каршы келген чечим чыгарбайт. Биз палестиналыктарды колдойбуз. Бул ар дайым Пакистандын позициясы болуп кала берет», – деп билдирди.

Ал Палестина маселеси боюнча акыйкат чечим ишке ашырылмайынча, Израилдин ар кандай расмий таанылышы четке кагылат деп билдирди.

Комментарий жиберүү