Японияда жаңы премьер-министр шайланды

Бүгүн, 16-сентябрь Япониянын министрлер кабинетинин мурдагы башкы катчысы Ёсихидэ Суга өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп шайланды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайы,  Япониянын парламенти өлкөнүн башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясынын жаңы төрагасы Ёсихидэ Суганы премьер-министр кызматына бекитти.

Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэнин өкмөтү кийинки өкмөттүн кызматка киришине жол ачуу үчүн бүгүн расмий түрдө отставкага кетти.

Ёсихидэ Суга 462 добуштун ичинен 314 добуш алды.

Эске салсак, Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна  байланыштуу өткөн айда кызматтан кеткен.

Комментарий жиберүү