Израил менен дагы беш өлкө өз ара мамилелерин жөнгө салууну каалайт

Ак үйдүн аппарат башчысы Марк Медоуз дагы беш өлкө Израил менен өз ара мамилелерди жөнгө салуу боюнча келишим түзүүнү олуттуу карап жатышканын маалымдады.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Reuters” агенттигине шилтеме берип кабарлады. АКШнын ортомчулугу астында ушул аптада Израил менен Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашкандан кийин Ак үйдүн аппарат башчысы Марк Медоуз бейшембидеги акыркы билдирүүсүндө, дагы беш өлкө Израил менен мамилелерди жөнгө салуу боюнча келишим түзүүнү олуттуу түрдө карап жатышканын билдирди.

Висконсин штатына АКШ президенти Дональд Трампты коштоп барган Медоуз кабарчылар менен болгон маегинде Израил менен мамилелерин жөнгө салууну каалаган беш өлкөнүн атын атаган жок, бирок  алардын үчөө Жакынкы Чыгышта экендигин айтты. “Reuters” агенттигинин божомолдоолору боюнча, беш өлкөнүн бири – Оман болушу мүмкүн. Анткени бул өлкөнүн элчиси Ак үйдө өткөн Израил менен араб өлкөлөрү – Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары өз ара мамилелерин жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюу иш-чарасына катышкан. АКШ президенти Дональд Трамп өткөн аптада Сауд Аравия дагы акыр-аягы келишимге кошулат деп  билдирген.

Белгилей кетсек, Бахрейн, БАЭ,  Изарил жана АКШнын расмий адамдары 15-сентябрда Вашингтондо Ак үйдө “Авраам тынчытк келишими” деп аталган келишимге кол коюшкан. Келишимге кол коюунун максаты –  Абу-Даби менен Тель-Авивдин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу болгон. Иш-чарага АКШнын президенти Дональд Трамп, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана БАЭ менен Бахрейндин тышкы иштер министрлери – шейх Абдулла бен Зайед Аль Нахайян менен Абдуллатиф аз-Заяни катышкан.

Комментарий жиберүү