Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүнө сын-пикир өстү

“Коррупция менен келишкис күрөш уланат” – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отурумунда.

Жыйын укук коргоо органдарынын өлкөдө коррупция менен күрөшүүсүнүн жыйынтыгын жана Кыргыз Республикасынын 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы туруу Стратегиясын карады.

Өлкө башчы бул жаатта 2018-жылдын февралында башталган күрөш ийгиликтүү жүрүп жатканын баса белгиледи.

“Ошондон бери коррупция менен күрөш өзгөчө көзөмөлдө жүрүп келатат. Биз бул жаатта Коопсуздук кеңешинин үч жыйынын өткөрдүк. Ушул жылдын январында мамлекеттик органдардын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруусу боюнча маалыматын уктук. Коррупционерлер менен күрөш мамлекеттик башкаруунун бардык тепкичтеринде жүрүүдө”, – деди президентСооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы келтирген сандарга таянсак, 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын 8 айында мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 13 млрд 600 млн. сомду түзгөн. Анын 5 млрд. 827 млн. сому казынага кайтарылган. Жээнбеков бул көрсөткүчтүн жетишсиз экендигин айтып, уурдалган каражаттарды мамлекетке кайра кайтаруу боюнча ишти күчөтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин кадыры кетти

Президент жыйында аткаруу бийлиги Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тиешелүү деңгээлде аткарбай, кайдыгер мамиле жасап жатканын айтып сындады. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча кабыл алынган иш-чаралар менен чечимдерди аткаруу азап болуп жатканы, көп учурда өкмөт мүчөлөрүн артынан камчылап жүрүп иштетип жатканы өлкө башчыны нааразы кылды.

Коопсуздук кеңешинин бул отуруму быйылкы жылдын эсебинде он биринчи жыйын болуп эсептелет. Пандемияга байланыштуубу же башка себептери барбы, айтор Коопсуздук кеңешинин отурумдары быйыл байма-бай өткөрүлүп келет. Бул жагдайды бир катар серепчилер Кеңештин техникалык кызмат аткарган кеңсе болуп калды деп жоруса, дагы бир тобу президенттин башка бийлик бутактарын кол алдына чогултуп, каалагандай калчаган аянтчасына айланганын айтышууда.

Шайлоого байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлык милдеттерин убактылуу токтотуп турган генерал Өмүрбек Суваналиев Кеңеш президенттик аппараттын курамындагы бир бөлүм сыяктуу кызматты аткарып калганын айтат.

“Иш жүзүндө талдоо жана сунуштарды жазган бир бөлүм болуп калды. Башка президенттердин тушунда Коопсуздук кеңеши чоң ыйгарым укуктары бар өз алдынча конституциялык орган болчу. Тилекке каршы, азыркы учурда өлкө башчы чыгып сөз сүйлөй турган аянтчага айландырып алышты. Өкмөт аткара турган иштерди Коопсуздук кеңешине жүктөп коюшкан. Кеңештин мүчөлөрү премьер-министр, министрлер да, ал эми президент бул органды өз ой-мүдөөлөрүн айта турган аянтча катары колдонот. Анткени, Сооронбай Жээнбековдо башка мындай аянтча жок”, – дейт Өмүрбек Суваналиев.

Ушундай пикирди апрель айында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов да айтып чыккан. Анда ал президенттин аппараты Коопсуздук кеңешинин отурумдарын биринин-артынан бирин өткөрүп атып, оюнчук сыяктуу кылып алды, анын чечимдерин эч ким аткарбай калды деп сындаган.

Президент бийликти узурпациялап алганбы?

Калмаматов жакында “Азаттык” радиосуна курган маегинде дагы бир кызыктуу жагдайды кыйытты. Өз сөзүндө ал президент Сооронбай Жээнбеков башка бийлик бутактарынын бир катар ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алганын жана аларга карата таасирин колдоноорун айтты. Муну экс-депутат бийликти узурпациялоо катары сыпаттады.

Бүгүнкү күндө бийлик абсолюттук түрдө узурпацияланган. Бүгүн президенттен башка бийлик жок. Жогорку Кеңеш президенттин юридикалык бөлүмү, Өкмөт болсо уюштуруу бөлүмү болуп калган. Мамлекетте бир адам чечим кабыл алып жатат. Калган институттар ошол адамдын чечимине жараша иштеп жатат. Революция болуп кетсе да, төңкөрүш болуп кетсе да ошол адамдан башка эч ким жоопкерчилик албашын билет. Узурпацияланган бийлик эч качан корруция менен, чоң схемалар менен күрөшө албайт. Ал кантип узурпацияланат? Ал тигил же бул криминалдык топтор аркылуу монополдоштурулуп, анан узурпацияланат. Мына ошондой натыйжа бүгүн мамлекетте орногон. Прокурор, УКМК, Каржы полициясы, ИИМ деген институттардын бардыгы бир колго чогулуп калды. Бийлик узурпацияланып калды. Бийлик узурпацияланганда эркин атаандаштык жоголот. Жогорку Кеңеш да, өкмөт да өз күчүн жоготот. Бир гана бийлик бутагы болуп калат. Азыр негизги бийлик президент Сооронбай Жээнбековдун колунда”, – деп түшүндүрдү Бактыбек Калмаматов.

Бийликти узурпациялоо боюнча Сооронбай Жээнбековго карата сын-пикир анын президенттик кызматты аркалаган үч жылынын ичинде кеминде 3 жолу ачык айтылды.

Узурпациялоо жөнүндө алгачкы жолу 2018-жылы эле, тагыраагы президенттигинин алгачкы жылында айтылган. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков премьер-министрге ал кездеги транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматынан алуу тапшырмасын берген, министр эртеси кызматын тапшырып кеткен. Президенттин бул кадамы коомчулук тарабынан өз ыйгарым укуктарынан аша чабуу катары кабылданып, сынга алынган. Бирок, Жээнбеков жыл этегинде, анын президенттик бир жылдыгын жыйынтыктаган маалымат жыйында аны бийликти узурпациялоого айыптоо негизсиз экенин билдирген. “Мен аткаминерлерибиз башаламандык кылып атса карап тура албайм. Ал ким болбосун: менин аппаратымдын жетекчисиби, же кайсы бир министрби – аларды мыйзамдуулукту сактоого чакыра берем”, – деп айткан мамлекет башчы.

Жээнбековго карата узурпациялоо доосу экинчи жолу былтыр 2019-жылдын этегинде айтылган. Президенттин 25-декабрдагы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйыны коомчулуктун сынына кабылган. Мамлекет башчынын баяндамасы премьер-министрдин отчету сыяктанып калганын, ал өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алганын баамдагандар болгон. Саясатчы Өмүрбек Текебаев президент мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жолун жолдоп, Конституциянын нормаларын бузууну улантып келет деп айыптаган жана муну “бийликти узурпациялоо” катары баалаган.

Узурпациянын тамыры тереңге кетет

Бирок, Жээнбековдун президенттик ыйгарым укуктарынан аша чаап жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин, анын себеби мурунку президенттер салып кеткен жолго байланыштуу дегендер да бар. Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын мурунку судьясы Клара Сооронкулова узурпацияланган бийлик Жээнбековго мурунку президент Атамбаевден “мураска калганын” айтат.

“Бизге эч ким башка нерсени убада кылган эмес. Сооронбай Жээнбековдун бүт шайлоо кампаниясы Атамбаевдин жолун улантуу жөнүндө болгон. Ошонун баары азыр ишке ашууда. Эч ким жаңы эч нерсени убада кылган эмес. Биз нааразы болууга акыбыз жок – биз ушул президентке добуш бергенбиз! Баарыбыз болбогон күндө да, көпчүлүккө баш ийишибиз керек да”, – дейт Клара Сооронкулова.

Айта кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевге да бийликти узурпациялоо боюнча доо артылып келет. Анын президенттик мөөнөтү дээрлик бүтүндөй “бийлик бутактарын өзүнө каратып алды, ыйгарым укуктарын ашкере колдонууда” деген сын-пикирлер менен коштолуп келген. Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестигинен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия былтыр аны “президенттик статусун пайдаланып сөз эркиндигин чектеген, саясий каршылаштарын куугунтуктаган, соттордун иштерине кийлигишкен, бардык мамлекеттик органдардын ишмердигин көзөмөлдөгөн” деп айыптаган. Ага чейинки президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге карата да өз учурунда бийликти узурпациялап алган деген нааазылыктар айтылып, жыйынтыгы элдик толкундоолорго жана төңкөрүштөргө алып келген.

А. Белеков.

Комментарий жиберүү