Орусиянын коронавируска каршы препаратынын баасы айтылды

Орусиянын коронавируска каршы препаратынын баасы айтылды

“Промомед” компаниясынын башкы директору Андрей Младенцев орусиялык коронавируска каршы “Арепливир” деп аталган жаңы препаратынын бир таңгагынын баасы канча болорун жарыялады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Младенцевдин айтымында, амбулатордук негизде коронавирусту дарылоодо колдонууга уруксат берилген “Арепливир” препаратынын ар бир таңгагынын баасы 12 миң 320 рубль (болжол менен 165 долларга барабар) болот. Ал бир таңгакта 200 мг. дан 40 таблетка болот деп белгиледи. Буга чейин “Промомед” компаниясы Орусияда жаңы коронавирустук инфекцияга каршы “Арепливир” препараты дарыканаларга 21-сентябрдан баштап түшө баштайт…

Прочитайте больше

АКШ “TikTok” жана “WeChat” менен жүргүзүлгөн операцияларга тыюу салды

АКШ “TikTok” жана “WeChat” менен жүргүзүлгөн операцияларга тыюу салды

АКШнын Соода министрлиги жекшембиден тарта америкалык дүкөндөрдө Кытайдын эки социалдык тармагынын колдонмолоруна тыюу салынарын жарыялады.  “IRNA News” агенттиги “Associated Press” агенттигине шилтеме берип, Американын Соода министрлиги кечээ, жума күнү мындай чечим жеке жашоого жана улуттук коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөрдөн улам кабыл алынып, АКШнын колдонмолор дүкөндөрүндө WeChat жана TikTok тиркемелерине тыюу салынганын билдирди. Чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын август айында чыгарган буйругуна ылайык кабыл алынган, ага ылайык, америкалык компаниялардын WeChat компаниясына ээлик кылган Tencent жана TikTok компаниясына таандык…

Прочитайте больше

Орусияга авикаттам жүрө баштайт

Орусияга авикаттам жүрө баштайт

Дүйшөмбү, 21-сентябрдан баштап Кыргызстан менен Орусия ортосундагы авиакаттам жанданат. Орусиянын билдиришинче, каттам эки тараптан тең аптасына бир жолудан жүргүзүлөт. Эки өлкө ортосундагы авиакаттам коронавирус илдетине байланыштуу ушул жылдын жаз айларында убактылуу токтотулган болчу. 21-августта өткөргөн брифинде Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев авиакаттамды кайра жандантуу боюнча Орусия бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. Анын маалыматында, сүйлөшүүлөр каттамды Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларына учуруу боюнча жүргөн. Орусиянын коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу боюнча ыкчам…

Прочитайте больше

Кыргызстандын тышкы карызы 56,2% жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 56,2% жетти

Кыргызстандын тышкы карызы жыл аягына чейин 4 млрд 323,6 млн долларга жетет. Мындай маалыматты тараткан каржы министрлиги, бул жылы чет өлкөлөрдөн жана каржы институттарынан 337 млн доллар жардам алынганын, анын ичинен 269 млн доллары насыя экенин кошумчалаган. 31-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд 824,01 млн долларды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 169,6 млн доллар болсо, ички карыз 654,41 млн долларды түзөт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулуктан жалпысынан 773 млн…

Прочитайте больше

ФИФА: Кыргызстан бир тепкич алдыга жылды

ФИФА: Кыргызстан бир тепкич алдыга жылды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир тепкич көтөрүлүп, 95-орунду ээледи. Тизмеден 210 футболдук команда орун алып, алгачкы үчтүктү төмөнкү өлкөлөрдүн командалары ээледи. Бельгия (1 миң 773 упай) Франция (1 миң 744 упай) Бразилия (1 миң 712 упай) Кыргыз өлкөсүнүн курамасы 1 миң 240 упай менен тизменин 95-орунуна жайгашты. Буга чейин 96-орунду ээлеген. Коронавирус пандемиясынан улам, мамлекеттердин курама командаларынын беттештери токтоп турат. Кийинкиге жылдырылган турнирлердин арасында – 2022-жылы өткөрүлө турган Дүйнөлүк кубок жана…

Прочитайте больше