Кыргызстандын тышкы карызы 56,2% жетти

Кыргызстандын тышкы карызы жыл аягына чейин 4 млрд 323,6 млн долларга жетет.

Мындай маалыматты тараткан каржы министрлиги, бул жылы чет өлкөлөрдөн жана каржы институттарынан 337 млн доллар жардам алынганын, анын ичинен 269 млн доллары насыя экенин кошумчалаган.

31-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд 824,01 млн долларды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 169,6 млн доллар болсо, ички карыз 654,41 млн долларды түзөт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулуктан жалпысынан 773 млн доллар карыз сураган, анын 597 млн доллары насыя.

Быйылкы насыянын көп бөлүгү Эл аралык валюта фондунан, Азия өнүктүрүү банкынан, Ислам өнүктүрүү банкынан жана Дүйнөлүк банктан алынган. Кыргызстандын тышкы карызынын 43,2% Кытай Эл Республикасына туура келет. Бул 1 млрд 776,29 млн доллар негизинен Кытайдын “ЭксИмБанкынан” алынган.

Мекеменин маалыматына караганда, 2019-жылдын аягында тышкы карыздын деңгээли ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 45,5% болчу. Коронавирус илдетине байланыштуу кыйынчылыктарга кептелген өлкө тыштан ири суммадагы насыяларды тартууга аргасыз болгон. Натыйжада, быйыл тышкы карыздын көлөмү ИДӨгө карата 56,2% жетип, былтыркыга салыштырмалуу 11,3% өскөн. Адистер өлкөнүн ички жана тышк карыздары жыл аягына чейин 5 млрд доллардан ашаарын болжолдошууда.

Комментарий жиберүү