Орусиянын коронавируска каршы препаратынын баасы айтылды

“Промомед” компаниясынын башкы директору Андрей Младенцев орусиялык коронавируска каршы “Арепливир” деп аталган жаңы препаратынын бир таңгагынын баасы канча болорун жарыялады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Младенцевдин айтымында, амбулатордук негизде коронавирусту дарылоодо колдонууга уруксат берилген “Арепливир” препаратынын ар бир таңгагынын баасы 12 миң 320 рубль (болжол менен 165 долларга барабар) болот. Ал бир таңгакта 200 мг. дан 40 таблетка болот деп белгиледи.

Буга чейин “Промомед” компаниясы Орусияда жаңы коронавирустук инфекцияга каршы “Арепливир” препараты дарыканаларга 21-сентябрдан баштап түшө баштайт деп маалымдаган. Бул препаратты дарыгер дайындайт жана аны коронавирустук инфекциянын белгилери пайда болгондон кийин алгачкы 24 саатта колдонуу сунушталат.

“Клиникалык сыноолордо бул препараттын эч кандай терс таасирлери болгон эмес”, – деп билдирген “Промомед” компаниясынын башкы директору. Учурда “Промомед” компаниясы бул препартты Латын Америка, Африка жана КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Казакстан жана Өзбекстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Комментарий жиберүү