ФИФА: Кыргызстан бир тепкич алдыга жылды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир тепкич көтөрүлүп, 95-орунду ээледи.

Тизмеден 210 футболдук команда орун алып, алгачкы үчтүктү төмөнкү өлкөлөрдүн командалары ээледи.

Бельгия (1 миң 773 упай)

Франция (1 миң 744 упай)

Бразилия (1 миң 712 упай)

Кыргыз өлкөсүнүн курамасы 1 миң 240 упай менен тизменин 95-орунуна жайгашты. Буга чейин 96-орунду ээлеген.

Коронавирус пандемиясынан улам, мамлекеттердин курама командаларынын беттештери токтоп турат. Кийинкиге жылдырылган турнирлердин арасында – 2022-жылы өткөрүлө турган Дүйнөлүк кубок жана Азия кубогу бар. Аларга Кыргызстан катышат.

Комментарий жиберүү