Индияда үч кабаттуу имарат кыйрады

Индиянын Бхиванди шаарында үч кабаттуу имарат урап түшүп, кеминде 10 киши каза болуп, бир канчасы урандылардын астында калды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Индиянын расмий адамдарына жана маалымат каражаттарына шилтеме берип кабарлады.  “IndiTV”  телеканалы маалымдагандай, Индиянын Махараштра штатындагы Бхиванди шаарындагы үч кабаттуу үйдүн кыйрашынан улам азыркы тапка чейин 10 киши каза болгондугу тастыкталды.

Куткаруучу күчтөр  имараттан 31 адамды куткарып калышкан, бирок урандылардын астында дагы 20-25 адам калышы мүмкүн экендиги айтылууда. Бул 40 жылдык имарат бүгүн эртең мен таңга маал жергиликтүү убакыт боюнча саат 3:40та урап түшкөн. Бул имаратта 20га жакын үй-бүлө жашаган.

Комментарий жиберүү