Орусия, Иран жана Кытайдын биргелешкен стратегиялык машыгуулары башталды

Кавказ-2020 стратегиялык машыгуусу бүгүн (дүйшөмбү) күнү Орусиянын Түштүк Кавказ аймагындагы Орусия, Иран, Кытай, Пакистан, Казакстан жана Тажикстандын согуштук, штабдык жана ыкчам бөлүктөрүнүн катышуусу менен башталды.

Бул тууралуу “Farsi.iranpress” агенттиги маалымдады.
4 күнгө созула турган бул стратегиялык машыгууга Орусиянын жана эл аралык аба күчтөрүнөн, аскер-деңиз флотунан жана кургактыктагы күчтөрдөн 80 миңден ашуун аскерлер жана атайын ракетадан коргонуу жана электрондук согуш бөлүктөрү катышат.
 Иран Ислам Республикасы бул маанилүү машыгууга деңиз флотунун эки атайын бөлүгү жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен катышууда.
Орусиянын Коргоо министрлиги “Кавказ-2020” машыгуусуна катышып жаткан өлкөлөрдөн тышкары Армения, Шри-Ланка, Индонезия жана Азербайжан Республикасы байкоочу катары катышып жатышканын билдирди.

Комментарий жиберүү