Гутерриш глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн көп тараптуу болууга чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө көп тараптуу чечимдер жоктугун сынга алып, “инклюзивдүү көп тараптуулукка” чакырды.

Бул тууралуу “AFP” агенттиги маалымдаганын “IRNA News” агенттиги жазды.

Антониу Гутерриш дүйшөмбү күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын жылдык сессиясынын ачылыш сессиясында, “Эч ким дүйнөлүк өкмөттү каалабайт, бирок биз глобалдык башкарууну жакшыртуу үчүн биргелешип аракет кылышыбыз керек”, – деди.
“Биз чырмалышкан дүйнөдө  Бириккен Улуттар Уюму, эл аралык каржы институттары, аймактык уюмдар, бизнес блоктор жана башкалар тыгыз жана натыйжалуу кызматташкан көп тараптуулукка муктажбыз. Бизге жарандык коом, шаарлар, ишканалар, жергиликтүү мекемелер жана жаштар коодонулган инклюзивдүү көп тараптуулук керек”, – деп баса белгиледи ал.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жылдык сессиясында өлкөлөрдүн лидерлеринин сөз сүйлөөсү бүгүн (шейшемби) башталмакчы.
Коронавирус жайылганына байланыштуу быйыл бул саммитте сөз сүйлөөлөр виртуалдык түрдө өтөт. Ар бир өлкө алдын-ала жазылып даярдалган өлкө башчыларынын сүйлөгөндөрүн угуу үчүн Башкы Ассамблеяга өз өкүлчүлүгүнөн дипломаттарын жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Комментарий жиберүү