Жээнбековдун тышкы карызды кечүүнү суранган БУУдагы суранычы орундалабы?

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков, 21-сентябрда, Бириккен Уулуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап, туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна, тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушту колдоп берүүнү суранды.

Анда өлкө башчы коронавирустун кесепети тышкы карыздын өсүшүнө катуу таасирин тийгизгендигин белгилеп, оор күндөрдө жардам берген өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

“Чоң жыйырмалыкка” жана Эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз”,-деди Жээнбеков.

Кыргызстан 2020-жылдын 7 айында 12 млрд. сомдой салык жана бажы төлөмдөрүн чогулта албай калган. Жээнбековдун БУУдагы кайрылуусу – кыргыз экономикасы алсырап турганынан улам болду.

Кыргызстандын карызы өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга жетип калды. Жыл башында бул сумма 4,5 миллиард доллардын тегерегинде болчу. Тышкы карыздын мынчалык көбөйүп кетишине – коронавирустук пандемиянын терс таасири тийди.

Пандемиянын эпкини Кыргызстандын экономикасына катуу таасирин тийгизди. Анын каарынан дүйнөдөгү башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан дагы алсырай түштү. 2020-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы 10% артка кетери эскертилген. Өкмөт бул жыл оор болорун моюнга алып, 3 жолу антикризистик план иштеп чыкты.

Өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын Ички дүң өндүрүмү 590 млрд. сомдон ашкан. Ал эми Азия Өнүктүрүү банкы болжогондой, экономика артка кетчү болсо, бул көрсөткүч 2020-жылы 520-540 млрд. сомду түзүп калышы толук ыктымал.

Мамлекеттик салык кызматы 7 айда 40 млрд. 452 млн. сом чогултканын, пландын 90% аткарганы тууралуу маалымат беришкен. 2020-жылдын жыйынтыгында бюджет кайра такталгандан кийин бекитилген 75 млрд. 828 млн. сом салыкты жана жыйымдарды толук жыйнай тургандыктары маалым болду. Бирок баары бир казына толбой калды.

Өлкө бюджети кайра такталган учурда, ансыз да 28 млрд. сомго кемиген эле. Адистер мындай кырдаалда чыгашаны кескин чектөөнү сунуш кылышты. Эгер каржылык чектөөлөр киргизилбей калса, тышкы карызды төлөө Кыргызстан үчүн кыйынга туруп калат.

Пандемияда Кыргызстан Эл аралык донорлордон канча карыз алган?

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып, 9-сентябрга чейин Эл аралык донорлордон 338 млн. АКШ долларын алды. Анын басымдуу бөлүгү – насыя. Алынган каражаттын ичинен 207 млн. доллары сарпталды. Калган 131 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турганы боюнча маалымат берилген.

Донорлордон алынган бул акчанын канчасы насыя, канчасы грант экени жана анын сарпталышы боюнча толук маалымат айтыла элек.

Өкмөт буга чейин тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алынган каражаттын көбү социалдык төлөмдөрдү: пенсия, айлык акы, жөлөк пул төлөөгө жумшалды.

Карызды төлөөгө жеңилдигин мурда да сураган

Кыргызстандын тышкы карызы негизинен Кытайга көп. Башкача айтканда, Кытайдын “Экспорт Импорт Банкына” 1,8 млрд доллар карыз. Бул Кыргызстандын тышкы жалпы карызынын 43% ашуунун түзөт.

Коронавирустук пандемия учурунда Кыргызстан КЭРдин жетекчилигинен карызды төлөөгө бир канча жолу жеңилдик сурады. Эң акыркы жолу Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алганда да ушул маселе кабыргасынан коюлду.

Анда Жээнбеков тышкы карыз маселесин көтөрүп, насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу багытында маселени өзүнчө белгиледи. Бирок, Кытай элчилигинин сайтындагы расмий маалыматта карыз жана аны төлөөнүн мөөнөтү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылган жок.

ХИПК – “Тупик” беле?

2006-жылы, Кыргызстандын 2,5 миллиарддан ашуун доллар тышкы карызын жоюу боюнча аракет башталып, ХИПК (HIPC – Heavily Indebted Poor Countries) программасы сунушталган. Ал – Эл аралык Валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын долбоору болгон жана карызы көп мамлекеттердин тышкы карыздарын жоюуга жардам берүүгө багытталган.

Ошондой эле ХИПК программасы 1996-жылдан баштап иштеп жаткан. Анын максаты – дүйнөдөгү эң жарды мамлекеттердин карыз маселесин чечүү эле. Бул программа, негизинен, Африкадагы жарды мамлекеттерге багытталган, бирок, албетте, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү жарды өлкөлөр да камтылат. ХИПК мындай өлкөлөрдүн Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Африка өнүгүү банкы сыяктуу, эл аралык уюмдарга болгон карыздарын тейлейт. Программанын негизинде жарды мамлекеттердин бул уюмдарга болгон карыздарын толугу менен жоюп салуу, ал эми бай мамлекеттерден алган карыздарын кыйла жеңилдетүү чечими кабыл алынган.

Бирок Кыргызстан бул программадан баш тарткан. Анткени ага кирсе, карыздардан жөн эле кутултпастан, өлкөнүн болчок экономикалык өнүгүүсүн чектеп койот деп ишенишкен.

Кыргызстандын тышкы карыздарын кечкендер бар. Алар: Орусия, Түркия баш болгон бир канча мамлекеттер. Мисалы, 2012-жылы, Орусия Кыргызстандын 500 млн. долларга жакын карызынын 190 млн. доллары дароо кечкен. А калган 300 млн. доллар 2016-жылдан баштап, 10 жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кечиле турган болгон.

Бирок ошол карыз кечүү – Орусия Кыргызстанга аскердик базалары боюнча 15 жылдык жаңы келишим күчүнө кирет дегенге жамынган.

Азыр Президент Сооронбай Жээнбековдун карыз кечүү боюнча дүйнө коомчулугуна жасаган суранычы али ачык бойдон калууда. Анткени көпчүлүк мамлекеттерде коронавирустук пандемиядан алган оор соккунун уусу дагы деле бар.

Комментарий жиберүү