Окумуштуулар коронавирусту 15 секундда жок кылуунун жөнөкөй жолун табышты

Окумуштуулар акыркы жүргүзгөн изилдөөлөрүндө коронавирусту 15 секундда жок кылуунун жөнөкөй жана практикалык ыкмасын таба алышты.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады.

АКШдагы Коннектикут универститинин окумуштуулары өздөрүнүн акыркы изилдөөлөрүндө йод эритмеси коронавирусту өлтүрүүдө натыйжалуу болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Бул окумуштуулардын айтымында, йод коронавируска каршы жакшы дезинфекциялоочу каражат болуп саналат жана ал менен ооз-мурунду 15 секунд чайкоо вирусту жок кылат.

Америкалык изилдөөчүлөр коронавирустун үлгүлөрүн  0,5%, 1,25% жана 2,5% йод эритмесинин үч башка концентрациясы менен жок кылууну сынап көрүшкөндө йод эритмеси вирусту 15 секунддун ичинде толугу менен инактивдештирген. Бирок ушул эле изилдөөнү этанол менен жасашканда, вирус дагы деле активдүү болгон. Окумуштуулардын айтымында, 0,5% йоддун суюлтулган эритмеси да коронавирусту 15 секундада жок кылышы мүмкүн, бул йод эритмесинин күчтүү антисептикалык касиетин көрсөтөт.

Ошентсе да окумуштуулар коомчулукка муну үй шартында колдонбоону эскертишти. Алар мурунду чайкоону дарыгердин көзөмөлү астында гана жүргүзүү керек деген тыянакка келишкен.

Комментарий жиберүү