Имам Абул Хасан Ашари

Имам Абул Хасан Ашари

Ал – ахли сүннөттүн итикаддагы (ишенимдеги) имамдарынын бири. Чыныгы аты – Али бин Исмаил. Сахаба Абу Мусал Ашаринин (радиаллаху анх) урпагы. Хижраттын 260-жылы (м.873) Басрада туулуп, х.324-жылы (м.936) Багдадда кайтыш болгон. Өгөй атасы Абу Жибаи Мутазила бидат сектасынын аалымы эле. Абул Хасан Ашари алгач ошол өгөй атасынан илим алып, мутазила сектасында эле. Кийин тообо кылып, ахли сүннөт аалымы болду. Элүү беш чакты китеби бар. Курани каримге кылган тафсиринин өзү гана жетимиш томдон турат. Мутазила, Харижи…

Прочитайте больше

Макрон: АКШ Иранга каршы санкцияларды калыбына келтире албайт

Макрон: АКШ Иранга каршы санкцияларды калыбына келтире албайт

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ бийлиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгуу менен Тегеранга каршы БУУнун санкциялар механизмин активдештире албай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Макрон БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө, Франция өз өнөктөштөрү Германия жана Британия менен 2015-жылдагы Вена келишиминин толугу менен аткарылышын талап кыла беришет”, – деп билдирди. Макрон бул маселе боюнча АКШ менен компромисске жетишүү мүмкүн эместигин кошумчалады. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясы биринчи жолу жарым виртуалдык форматта өтүп жатат. Штабдагы өкмөттөрдүн туруктуу…

Прочитайте больше

Куш тумоосу Казакстандын беш облусунда тарады

Куш тумоосу Казакстандын беш облусунда тарады

Казакстандын беш облусунда̶ ̶ Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда үй канаттуулары кырылууда. Бул тууралуу 21-сентябрда борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифинг учурунда айтылды. «Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулардын кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган», – деди айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева. Анын айтымында, үч облуста канаттуулар куш тумоосунан кырылып жатканы аныкталды, эки облуста болсо лабораториялык…

Прочитайте больше

Расмий Бишкек Бээжиндин Синьцзянь, Гонконг жана Тайвань боюнча саясатын колдойт

Расмий Бишкек Бээжиндин Синьцзянь, Гонконг жана Тайвань боюнча саясатын колдойт

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Инин 13-14-сентябрдагы Бишкекке жасаган иш сапарында эки өлкөнүн стратегиялык мамилелери ортого салынды. Жолугушуу тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилигинин сайтында кызыктуу маалымат жазылган. Ага караганда, тараптар түпкү кызыкчылыктарын камтыган бардык маселелерде бири-бирин бекем колдоону макулдашышкан. Министр Ван И Кытай ишенимдүү дос катары Кыргызстандын өз турмушуна шайкеш келген жана калкы тарабынан колдоого алынган өнүгүү жолун тандоодо, өлкө эгемендигин, улуттук ар-намысын жана мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоодо колдоо көрсөтөөрүн, ар кандай сырткы…

Прочитайте больше

Москва: АКШнын санкциялары Иран-Орусия кызматташтыгына таасирин тийгизбейт

Москва: АКШнын санкциялары Иран-Орусия кызматташтыгына таасирин тийгизбейт

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары АКШнын Ислам Республикасына каршы жаңы санкциялары Москванын Тегеран менен болгон кызматташтыгын мындан ары улантуусуна таасирин тийгизбейт деп баса белгиледи. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Сергей Рябков АКШнын Иранга каршы жаңы санкцияларынын Москванын Тегеран менен кызматташтыгына эч кандай саясий жана экономикалык таасири болбойт деп белгиледи. Орусиянын “Интерфакс” агенттиги АКШ 21-сентябрда бир тараптуу кадам менен Ирандын мекемелерине каршы жаңы санкцияларды киргизгенин маалымдаган. “Москва Иран менен кызматташууда  АКШнын санкцияларынын мүмкүн болгон кесепеттеринен коргонуу…

Прочитайте больше