Макрон: АКШ Иранга каршы санкцияларды калыбына келтире албайт

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ бийлиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгуу менен Тегеранга каршы БУУнун санкциялар механизмин активдештире албай тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Макрон БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө, Франция өз өнөктөштөрү Германия жана Британия менен 2015-жылдагы Вена келишиминин толугу менен аткарылышын талап кыла беришет”, – деп билдирди.

Макрон бул маселе боюнча АКШ менен компромисске жетишүү мүмкүн эместигин кошумчалады. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясы биринчи жолу жарым виртуалдык форматта өтүп жатат. Штабдагы өкмөттөрдүн туруктуу өкүлдөрү өз лидерлеринин атынан түз эфирде сүйлөөгө укуктуу.

Комментарий жиберүү