Москва: АКШнын санкциялары Иран-Орусия кызматташтыгына таасирин тийгизбейт

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары АКШнын Ислам Республикасына каршы жаңы санкциялары Москванын Тегеран менен болгон кызматташтыгын мындан ары улантуусуна таасирин тийгизбейт деп баса белгиледи.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Сергей Рябков АКШнын Иранга каршы жаңы санкцияларынын Москванын Тегеран менен кызматташтыгына эч кандай саясий жана экономикалык таасири болбойт деп белгиледи. Орусиянын “Интерфакс” агенттиги АКШ 21-сентябрда бир тараптуу кадам менен Ирандын мекемелерине каршы жаңы санкцияларды киргизгенин маалымдаган.

“Москва Иран менен кызматташууда  АКШнын санкцияларынын мүмкүн болгон кесепеттеринен коргонуу үчүн чараларды көрүүдө”, –  деди Рябков.

Буга чейин Орусиянын расмий адамдары АКШнын санкциялары Иран менен Орусиянын кызматташтыгына таасирин тийгизбейт деп баса белгилешкен,  анын ичинде Орусиянын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров АКШ президенти Дональд Трамптын буйругуна карабастан, Москва Тегеран менен аскердик кызматташтыгын уланта берет деп билдирген.

“Алар санкция киргизе беришсин, биздин Иран менен болгон аскердик кызматташтыгыбыз улана берет деп ишенем. Санкциялар бул кызматташтыкка таасир этпейт деп үмүттөнөбүз”, – деп билдирген ал “Интерфакс” агенттигине берген маегинде.

Комментарий жиберүү