Расмий Бишкек Бээжиндин Синьцзянь, Гонконг жана Тайвань боюнча саясатын колдойт

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Инин 13-14-сентябрдагы Бишкекке жасаган иш сапарында эки өлкөнүн стратегиялык мамилелери ортого салынды.

Жолугушуу тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилигинин сайтында кызыктуу маалымат жазылган. Ага караганда, тараптар түпкү кызыкчылыктарын камтыган бардык маселелерде бири-бирин бекем колдоону макулдашышкан. Министр Ван И Кытай ишенимдүү дос катары Кыргызстандын өз турмушуна шайкеш келген жана калкы тарабынан колдоого алынган өнүгүү жолун тандоодо, өлкө эгемендигин, улуттук ар-намысын жана мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоодо колдоо көрсөтөөрүн, ар кандай сырткы күчтөрдүн Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүнө чечкиндүү каршы тураарын билдирген.

“Президент Жээнбеков менен министр Айдарбеков кыргыз тарап мындан ары да Кытай менен достук мамилени бекемдөөгө күч-аракетин жумшаарын жана Кытайдын түпкү кызыкчылыктарын камтыган бардык маанилүү маселелерде, өзгөчө Гонконг, Тайвань жана Синьцзянга байланыштуу маселелерде Кытайдын принципиалдуу позициясын колдоорун билдиришти”, – деп жазылган Кытай элчилигинин расмий сайтында.

Бирок, Кыргызстандын расмий булактарында бул тууралуу эч кандай сөз айтылган жок. Өзгөчө тараптардын Гонконг, Тайвань жана Синьцзянь боюнча сүйлөшүүлөрү боюнча эч нерсе маалымдалган жок. Расмий органдар жолугушуунун күн тартибиндеги бул маселе тууралуу өз пикирлерин билдире элек. Ал эми бул иш сапар жөнүндө маалымдаган кытай кабарларында “тараптар эч кимге бул өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүсүнө жол бербөө боюнча өз ара милдеттеме алышканына” басым жасалууда.

Комментарий жиберүү