Израиль менен дагы бир араб өлкөсү мамилелерин жөнгө салууга ниеттенүүдө

Израиль менен дагы бир араб өлкөсү мамилелерин жөнгө салууга ниеттенүүдө

Судан жакында Израиль менен мамилелерди  белгилүү бир шарттарда жөнгө салууга ниеттенүүдө.  Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги араб булактарына шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, Судан Израиль менен мамилелерди жөнгө салуу менен АКШдан каржылык жардам алууну  жана Суданды терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарууну пландаштырууда. Маалымат булактарынын айтымында, АКШ Суданга 7 миллиард долларлык жардам көрсөтөт. Судандын өкүлдөрү буга жооп кылып, Израиль менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн келишим түзүүгө убада беришкен. Белгилей кетсек, Бахрейн, БАЭ,  Израиль жана АКШнын расмий адамдары 15-сентябрда Вашингтондо…

Прочитайте больше

Ким Чен Ын Түштүк Кореядан кечирим сурады

Ким Чен Ын Түштүк Кореядан кечирим сурады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын аткаминерин өлтүрүп алышканы үчүн Сеулдан кечирим сурады. Бул тууралуу Түштүк кореялык “Yonhap News” агенттиги кабарлаганын “Fars News” агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидери Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге кат жолдоп, Түндүк Кореянын жаранынын өлтүрүлүшү үчүн кечирим сурап, өкүнүчүн билдирди. Сеулдун бул окуя боюнча жарыялаган билдирүүсүндө,  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бул окуя боюнча жеке өзү кечирим сурап, өкүнүчүн билдиргени айтылат. Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти…

Прочитайте больше

Сауд коалициясынын согушунда 16 миңден ашуун йемендик курман болду

Сауд коалициясынын согушунда 16 миңден ашуун йемендик курман болду

Йемендин Адам укуктары министрлиги Сауд Арабиянын агрессиялык коалициясынын кол салууларында 16 миңден ашуун йемендик каза тапканын билдирди. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендин Адам укуктары министрлиги Сауд коалициясынын согуш кылмыштары боюнча билдирүү жасап, Сауд коалициясы менен Йемендин ортосундагы алты жылдык согушта 16 771 йемендик жаран курман болгонун жана кеминде 26 359 адам жарадар болгонун билдирди.Йемендин Адам укуктары министрлигинин маалыматына караганда, Сауд коалициясы Йеменге каршы согушта алты жыл аралыгында жарандык калк жашаган аймактарга миңдеген аскердик кургактык, деңиздик жана…

Прочитайте больше

“Сорос-Кыргызстан” фондун текшерүү керектиги айтылууда

“Сорос-Кыргызстан” фондун текшерүү керектиги айтылууда

Кыргызстанда иштеп келген бейөкмөт “Сорос-Кыргызстан” фонду көптөн бери кайрымдуулук менен алектенбей калды. Анын ордуна белгилүү бир коомдук-саясий түзүлүштү өнүктүрүү үчүн инвестициялык иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Антитеррор” коомдук фондунун мүчөсү Ильдар Биккенин 25-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Ал, аталган фонд өз ишин 1997-жылы баштап, келишим боюнча илим, маданият жана билим багыттарына грант менен жардам берип келген болсо, бүгүнкү күндө ишин кеңейтип жатканын белгилейт. Анын ичинде укуктук борборлор, медицина, маалымат каражаттары, коомдук саясий уюмдар жана башкалар бар экендигин…

Прочитайте больше

Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Суроо: Динибизде бак отургузуунун маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мөмөлүү, мөмөсүз бактардын жана токойлордун адамдарга болгон пайдалары чексиз. Адамдарга бул сыяктуу бир кызмат кылуунун динибизде маанилүүлүгү чоң. Бул тууралуу билдирилген хадиси шарифтердин айрымдары төмөндөгүдөй: “Отургузулган бактан алына турган мөмөнүн саны канча болсо ошончо сооп аны отургузган адамга берилет.” [И. Ахмед] “Бир адам бир мөмө бак отургузса, ал бакты жемиш бергенге чейин коргоп караса бул бактан төгүлгөн ар бир мөмө Аллахтын алдында ал адам үчүн бир садага болот.” [И. Ахмед] “Бир…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллион адамдан ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллион адамдан ашты

“Worldometers” веб-сайты дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллиондон ашканын маалымдады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган сайттын статистикалык маалыматтарына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллион 042 миң 138 адамдан ашып, 979 миң 960 адам көз жумду. Ошол эле учурда 23 миллион 572 миң 132 бейтап сакайды. Вирус өтө көп жайылган өлкө – АКШ болууда. Бул өлкөдө 7 миллиондон ашуун киши вируска кабылган жана өлүм-житим көп болууда. Билдирүүгө ылайык, АКШда акыркы сутка ичинде вирустун…

Прочитайте больше

Түркияда чиркейлердин өзгөчө коркунучтуу түрү пайда болду

Түркияда чиркейлердин өзгөчө коркунучтуу түрү пайда болду

Акыркы жылдары Европа өлкөлөрүндө байкалган азиялык жолборс чиркейи эми Түркияда аныкталды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “HabberTurk” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалыматта белгиленгендей, коркунучтуу чымын-чиркейлердин көп топтолуусу Стамбулдун ири аймактарында аныкталган, буга чейин алар өлкө аймагында байкалган эмес. Изилдөөчүлөр мындай чымын-чиркейлер өлкөнүн климатына оңой эле көнүп кетерин тастыкташты. “Чиркейдин бул түрү күндүзү, айрыкча адамдар сыртта жүргөндө кол салышат. Алар башка чиркейлерге караганда агрессивдүү жана сары безгек жана Зика вирусу сыяктуу ооруларды алып жүрүшү мүмкүн”, – деди Стамбул университетинин…

Прочитайте больше

Британияда күнүнө 10 миңдей адам коронавирс жуктурууда

Британияда күнүнө 10 миңдей адам коронавирс жуктурууда

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок өлкөдө күн сайын кеминде 10 миңге жакын адам коронавирус жуктуруп жатканын, алардын 6000ден ашууну тест аркылуу аныкталганын маалымдады. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Министр “The Guardian” басылмасына берген маегинде акыркы 24 сааттын ичинде өлкө боюнча 6000ден ашуун адамдын коронавируска берген тести оң натыйжа менен чыкканын билдирди. “Азыркы учурда Британияда күнүнө кеминде 10 миңге жакын адам коронавируска чалдыгууда, бул өтө жогорку көрсөткүч”, – деди Хэнкок. Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо боюнча…

Прочитайте больше

Лукашенконун жаңы президенттик мөөнөтү башталды

Лукашенконун жаңы президенттик мөөнөтү башталды

Минскиде президент Александр Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.Беларуссиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лукашенкого президенттик күбөлүктү тапшырды. Салтанат Беларуссиянын борбору Минск шаарындагы “Эгемендүүлүк” сарайында өттү.Беларуссияда президенттик шайлоо август айында болуп, анда Лукашенко 80,1 пайыз добуш алган. Бул анын президенттик кызматтагы алтынчы мөөнөтү.Беларуссиядагы бир катар демонстранттар шайлоонун жыйынтыктарын кабыл албай, 9-августтан бери нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алгачкы күндөрү нааразычылык акциялары коопсуздук күчтөрү тарабынан басылып, демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу…

Прочитайте больше