Британияда күнүнө 10 миңдей адам коронавирс жуктурууда

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок өлкөдө күн сайын кеминде 10 миңге жакын адам коронавирус жуктуруп жатканын, алардын 6000ден ашууну тест аркылуу аныкталганын маалымдады.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Министр “The Guardian” басылмасына берген маегинде акыркы 24 сааттын ичинде өлкө боюнча 6000ден ашуун адамдын коронавируска берген тести оң натыйжа менен чыкканын билдирди. “Азыркы учурда Британияда күнүнө кеминде 10 миңге жакын адам коронавируска чалдыгууда, бул өтө жогорку көрсөткүч”, – деди Хэнкок.

Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо боюнча адистери жана расмий адамдары өздөрүнүн акыркы билдирүүлөрүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны октябрь айынын орто ченинде күнүнө 50 миңге чейин жетиши мүмкүн деп эскертишкен. Азыркы тапта Британияда ооругандардын саны 403 минден ашып, 41 миң 800 бейтап көз жумду.

Комментарий жиберүү