Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллион адамдан ашты

“Worldometers” веб-сайты дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллиондон ашканын маалымдады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган сайттын статистикалык маалыматтарына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллион 042 миң 138 адамдан ашып, 979 миң 960 адам көз жумду. Ошол эле учурда 23 миллион 572 миң 132 бейтап сакайды.

Вирус өтө көп жайылган өлкө – АКШ болууда. Бул өлкөдө 7 миллиондон ашуун киши вируска кабылган жана өлүм-житим көп болууда. Билдирүүгө ылайык, АКШда акыркы сутка ичинде вирустун кесепетинен 850 адам көз жумгандыгы катталды. Бул өлкөдө коронавирустук инфекциядан жалпы 206 миңге жакын адам каза тапты.

Комментарий жиберүү