Израиль менен дагы бир араб өлкөсү мамилелерин жөнгө салууга ниеттенүүдө

Судан жакында Израиль менен мамилелерди  белгилүү бир шарттарда жөнгө салууга ниеттенүүдө. 

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги араб булактарына шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, Судан Израиль менен мамилелерди жөнгө салуу менен АКШдан каржылык жардам алууну  жана Суданды терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарууну пландаштырууда.

Маалымат булактарынын айтымында, АКШ Суданга 7 миллиард долларлык жардам көрсөтөт. Судандын өкүлдөрү буга жооп кылып, Израиль менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн келишим түзүүгө убада беришкен.

Белгилей кетсек, Бахрейн, БАЭ,  Израиль жана АКШнын расмий адамдары 15-сентябрда Вашингтондо Ак үйдө “Авраам тынчытк келишими” деп аталган келишимге кол коюшкан. Келишимге кол коюунун максаты –  Абу-Даби менен Тель-Авивдин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу болгон.

Иш-чарага АКШнын президенти Дональд Трамп, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана БАЭ менен Бахрейндин тышкы иштер министрлери – шейх Абдулла бен Зайед Аль Нахайян менен Абдуллатиф аз-Заяни катышкан. Палестина бул келишимге кескин каршы чыгып, Абу-Даби жана Манамадан элчилерин чакыртып алган.

Комментарий жиберүү