Ким Чен Ын Түштүк Кореядан кечирим сурады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын аткаминерин өлтүрүп алышканы үчүн Сеулдан кечирим сурады.

Бул тууралуу Түштүк кореялык “Yonhap News” агенттиги кабарлаганын “Fars News” агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидери Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге кат жолдоп, Түндүк Кореянын жаранынын өлтүрүлүшү үчүн кечирим сурап, өкүнүчүн билдирди.

Сеулдун бул окуя боюнча жарыялаган билдирүүсүндө,  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бул окуя боюнча жеке өзү кечирим сурап, өкүнүчүн билдиргени айтылат. Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге жөнөткөн катында мындай окуялардын  кайталанбашы үчүн чара көрүүнү убада кылды.

“Yonhap News” агенттиги маалымдагандай, Пхеньян мындай окуя болбошу керек болчу экендигин айтып, Түндүк Кореянын жетекчилиги эки өлкөнүн ортосундагы ишеним бузулбайт деп үмүттөнөрүн билдирди. Түндүк Корея коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Түштүк Кореянын жаранын атып салып, денесин өрттөп жиберген.

Кечээ, 24-сентябрда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жоголгон Түштүк Кореянын жаранынын атып өлтүрүлүшүн үрөй учурарлык жана кечирилгис деп атаган. Сеул бул окуя боюнча Пхеньяндан түшүндүрүүнү жана окуяга тиешеси барларды жазалоону талап кылган.

Комментарий жиберүү