Лукашенконун жаңы президенттик мөөнөтү башталды

Минскиде президент Александр Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Беларуссиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лукашенкого президенттик күбөлүктү тапшырды. Салтанат Беларуссиянын борбору Минск шаарындагы “Эгемендүүлүк” сарайында өттү.
Беларуссияда президенттик шайлоо август айында болуп, анда Лукашенко 80,1 пайыз добуш алган. Бул анын президенттик кызматтагы алтынчы мөөнөтү.
Беларуссиядагы бир катар демонстранттар шайлоонун жыйынтыктарын кабыл албай, 9-августтан бери нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алгачкы күндөрү нааразычылык акциялары коопсуздук күчтөрү тарабынан басылып, демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ, жарылуучу граната жана резина октор колдонулган. Расмий маалыматтарга ылайык, алгачкы күндөрү 6700дөн ашуун адам кармалган.

Комментарий жиберүү