Сауд коалициясынын согушунда 16 миңден ашуун йемендик курман болду

Йемендин Адам укуктары министрлиги Сауд Арабиянын агрессиялык коалициясынын кол салууларында 16 миңден ашуун йемендик каза тапканын билдирди.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендин Адам укуктары министрлиги Сауд коалициясынын согуш кылмыштары боюнча билдирүү жасап, Сауд коалициясы менен Йемендин ортосундагы алты жылдык согушта 16 771 йемендик жаран курман болгонун жана кеминде 26 359 адам жарадар болгонун билдирди.
Йемендин Адам укуктары министрлигинин маалыматына караганда, Сауд коалициясы Йеменге каршы согушта алты жыл аралыгында жарандык калк жашаган аймактарга миңдеген аскердик кургактык, деңиздик жана аба чабуулдарын жасаган. Бул кол салуулардын натыйжасында 4 млн. 147 миңден ашуун йемендиктер жер которууга аргасыз болушкан.
Ошондой эле маалыматта, Сауд коалициясы 480ден ашуун ооруканаларды жана окуу борборлорун, 92 тез жардам унааларын бутага алып, 3700 окуу борборун жок кылганы баса белгиленген.
Йеменге каршы согушта Сауд Аравиясы жүздөгөн жарандарды жана мыйзамдуу активисттерди уурдап, тыюу салынган куралдарды жана кластердик бомбаларды кеңири масштабда колдонгон.
Йемендин Адам укуктары министрлиги учурда йемендиктердин 60 пайыздан ашыгы ачкачылыктан жапа чегип жатышканын жана 350 миңдей йемендик медициналык жардам алуу үчүн сапар тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын билдирди.

Комментарий жиберүү