“Сорос-Кыргызстан” фондун текшерүү керектиги айтылууда

Кыргызстанда иштеп келген бейөкмөт “Сорос-Кыргызстан” фонду көптөн бери кайрымдуулук менен алектенбей калды.

Анын ордуна белгилүү бир коомдук-саясий түзүлүштү өнүктүрүү үчүн инвестициялык иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Бул тууралуу “Антитеррор” коомдук фондунун мүчөсү Ильдар Биккенин 25-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Ал, аталган фонд өз ишин 1997-жылы баштап, келишим боюнча илим, маданият жана билим багыттарына грант менен жардам берип келген болсо, бүгүнкү күндө ишин кеңейтип жатканын белгилейт. Анын ичинде укуктук борборлор, медицина, маалымат каражаттары, коомдук саясий уюмдар жана башкалар бар экендигин кошумчалады. Ошондой эле ал, аталган фонд эмне үчүн салыктардан бошотулган деген суроо салды.

Жыйынтыгында бийликке жана укук коргоо органдарына “Сорос-Кыргызстан” фондунун ишмердүүлүгүн текшерүү өтүнүчү менен кайрылды.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду – эл аралык өкмөттүк эмес жеке донордук уюм. Коомдук институттарды жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү жарандык демилгелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасында ачык коомду куруу үчүн шарттарды түзүүнү максат кылып алган.

Фонд дүйнөлүк масштабдагы финансист жана бүткүл дүйнөгө белгилүү филантроп Джордж Сорос жетектеген «Ачык коом» институту тарабынан түптөлгөн. Фонд эл аралык түйүндүн бир бөлүгү болуп саналат, анын катарына дүйнөнүн 31 өлкөлөрүндөгү улуттук Сорос фонддору жана өзүнүн ишмердүүлүгү менен дагы 27 өлкөнү камтыган эки регионалдык фонд кирет

Фонд өз ишмердүүлүгүн Кыргызстанда 1993-жылы баштаган, ал эми, 1995-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Ошол учурдан бери «Сорос-Кыргызстан» Фонду укуктук, билим берүү жана экономикалык реформалар, массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жана академиялык чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү, коомдук саясат, саламаттыкты сактоо жана маданият жаатындагы демилгелерди илгерилетүү боюнча ар түрдүү тармактардагы жарандык демилгелерге туруктуу колдоо көрсөтүүнү улантып келе жатат.

Бул демилгелерди каржылоо үчүн өлкөгө Фонд тарабынан 79 млн. АКШ долларынан ашык кайтарымсыз каражат бөлүнгөн.

Комментарий жиберүү