Түркияда чиркейлердин өзгөчө коркунучтуу түрү пайда болду

Акыркы жылдары Европа өлкөлөрүндө байкалган азиялык жолборс чиркейи эми Түркияда аныкталды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “HabberTurk” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалыматта белгиленгендей, коркунучтуу чымын-чиркейлердин көп топтолуусу Стамбулдун ири аймактарында аныкталган, буга чейин алар өлкө аймагында байкалган эмес.

Изилдөөчүлөр мындай чымын-чиркейлер өлкөнүн климатына оңой эле көнүп кетерин тастыкташты. “Чиркейдин бул түрү күндүзү, айрыкча адамдар сыртта жүргөндө кол салышат. Алар башка чиркейлерге караганда агрессивдүү жана сары безгек жана Зика вирусу сыяктуу ооруларды алып жүрүшү мүмкүн”, – деди Стамбул университетинин доценти Керем Этера.

Ал кошумчалагандай, мындай ооруларга чалдыгуу тобокелдигинин жогорулашынан тышкары, азиялык жолборс чиркейинин чагуусу кооптуу, анткени аллергиялык реакцияны күчөтүп, узакка созулган кычышууну жана кызарууну пайда кылат.

Комментарий жиберүү