Бийлик күчтүү командага жана…оппозицияга муктаж

Соңку кездерде (айрыкча, парламенттик шайлоо башталгандан бери) коомчулук арасында президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине айтылган сын пикирлер көбөйө баштагандыгы — ​коомдук-саясий турмуштагы мыйзамченемдүү көрүнүш.

Бийлик даражасына, ээлеген кызматына карабай, ар бир мамлекеттик кызматкердин дарегине адилет айтылган конструктивдүү сын-пикирлер коомдун жетилгендигин, накта демократиялуулук баалуулуктар үстөмдүк кыла баштаганын айгинелейт эмеспи.

Арийне, айрым учурларда эч кандай конкреттүү далилсиз, тек гана божомол деңгээлиндеги айтылган дооматтар гана басымдуулук кылып кеткен кездер да учурайт. Андай сындардын канчасы чындыкка жакын жана канчасы тек гана популисттик маанайдагы эмоциянын жемиштери болуп калды, — ​муну мезгил жана коомчулук өзү калыс баалап алары айкын. Ошентсе да, айрым учурларда ашкере резонанска ээ болгон, демейки көнүмүш деңгээлдеги сындардан айырмаланган пикирлер айтылганда, мындай сын пикир жалпы коомдук талкууну жараткан, талаштуу предметке айланары маалым…

Кечээ жакында экс-депутат Бакыт Калмаматов президент Сооронбай Жээнбековду кескин маанайдагы, олуттуу сынга алды. Коррупцияга каршы күрөштү жарыялаганы менен да, президент Жээнбеков ушул кезге чейин эң башкы коррупционер Раим Матраимовду катуу калкалап келе жаткандыгы айтылды. Башкы прокуратура, УКМК, жана башка укук коргоо органдары, тиешелүү фискалдык органдар кылмыштуулук менен реалдуу күрөшпөй, күрөшүмүш этип, имитация деңгээлиндеги аракеттерди жасап келишиптир!

Бакыт Калмаматов 5-чакырылышта “Ата-Мекен” партиясынын жаштар канатынан депутат болгон. Эми анын эл арасында унутулган ысымы кайрадан популярдуу болду. Карапайым элге да, президенттин ачык жана жашыруун оппозициячыларына да бул берүүдөгү баарынан да жакканы — ​эң алгачкы ирет президент дарегине ачык жана ачуу айткан сын болуп калды.

Телетаймаш түздөн-түз дебат жанрында жүрбөсө да, Бакыт Калмаматов менен президенттик администрацияга караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмил Каптагаевдин эрөөлү сымал сезилди. Саясатты кыйладан бери көрүнбөй, бук болуп калган экс-депутат Каптагаевди бурчка такап, эки-үч ирет “нокдаун” абалына жеткирди!..

Каптагаевдин бактысына жараша, телеберүүнүн бүткөнү тууралуу “гонг” угулду. Болбосо, Калмаматов эч көрүнбөй машыгып жүрүп, өз формасынын “чокусуна” жеткенде беттешке чыккан мушкердей, Каптагаевди биротоло “нокаут” кылышы да мүмкүн эле. Калмаматов “чабуул” күчөгөн сайын тактикалык ыкмаларын улам алмаштырып, көздөгөн максатынан тайбай, “эргий баштады”. Ага каршы жүйөөлүү жооп айта албай, эч аргументсиз, бүжүрөп, араң сүйлөгөн Эмил Каптагаев убакытты созуп, эптеп кутулуу айласын издегенсиди.

Оппозиция жана бийлик “эрөөлүн” эске салган бул теледебат азыркы учурдагы коомдук-саясий кырдаалдын таасын иллюстрациясы болду. Орустарда жана мурунку доорлордо падышачылык режимди башынан өткөргөн элдерде, эң жогорку бийликтин табиятын, жашоо образын өтө таамай сүрөттөгөн — ​“Короля играет свита” деп айтылган (кыргызча мааниси — ​“Жандоочу кийик аттырат” деген лакапка жакын) накыл кеп бар.

Сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен, көзгө көп чалдыга бербей, дайыма экинчи-үчүнчү пландарда, жупуну абалда жүрүшсө да, тигил же бул жетекчини коштоп жүргөн жан-жөкөрлөрдүн ролу абдан чоң мааниге ээ. Жан-жөкөрлөр расмий саясий идеологияны ишке ашырып, “падышанын” колуна-кол, бутуна бут болушуп, бийлик саясаты ырааттуу жүрүшүн камсыздашат… Биринчи жетекчинин аброю демейде дал ошол өз айланасындагы көзгө илешпеген топтун деңгээлине жараша “көтөрүлүп”, же кадыр-баркы төмөндөп, ал тургай, эл арасында абийири төгүлүп, ошого жараша, жогорку бийликтин да авторитети кете баштайт…

“Свита мүчөлөрүнүн” деңгээлдери жалпы бийликтин баа-кубатын аныктайт. “Падыша свитасы” билимдүү, өз тармагындагы күчтүү профессионалдар болушу абзел. Тескерисинче, алар мамлекетчил деңгээлде ой жүгүртө албай, өз эли-жерин, Мекенин сүйгөн, патриот инсандар болбой, чала сабат, кошоматчы, “эптеп күн өтсө болду” деген “күн тийген жердин күкүктөрү” болушса, бул жагдай падышанын гана эмес, жалпы элдин шоруна айланат. Ошонун натыйжасында, эртедир-кечтир падыша бийликтен кулап, качып кетип, же качып кетишке үлгүрбөй калса — ​башы кесилип, айтор, бийлик жаралгандан берки эле анын табияты менен кошо жаралган “падышанын тагы” үчүн такай жүрүп турган тынымсыз күрөш улана берет!..

Мындай “тарыхый окуялуу ” кырдаалдардын “каармандары” али да болсо биздин арабызда тирүү жүрүшөт. Буга жакынкы эле тарыхтан ондогон мисалдарды таба алабыз. Качкын президент Аскар Акаев окумуштуу экендигине карабай, мамлекетке, мекенине берилип кызмат кылуу дегенди биринчи иретте жеке өзүнө, өз үй-бүлөсүнө “өтө берилип” кызмат кылуу деп түшүнгөн. Ошонун натыйжасында, анын айланасына дал ушундай “критерийлер” аркылуу иргелген саналуу адамдар калган.

Мамлекеттик идеология деген маанилүү тармакты чала сабат, кошоматчы адамдар тейлеп калышкан. Ошондой “өзүмчүл” саясаттын натыйжасында, Кыргызстанды үч жыл ичинде Швейцарияга айлантмакчы болгон Акаев он беш жыл бою “Манастын 7 осуяты”, “ХХI кылымдын кадрлары”, “Тоо жылы” сымал абстракттуу идеялар айланасында салтанаттуу той-иш чаралар менен алек болду. Акыры баягы кошоматчы жан-жөкөрлөрүн таштай салып (алар жаңы конуштар сымал, көрүнгөн кычыкка “крысалардай” бекинишкен), өз башын араң куткарып, сыртка качып кетишке мажбур болду!..

Президентке караштуу “Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту” деп, аталышы абройлуу-бийик угулган, а бирок иш жүзүндө эмне иш кылганы белгисиз түзүмдү жетектеген адамдын чыныгы деңгээли жалпы Кыргызстанга дайын болду. Олуттуу, курч маселе талкууланып, бул маселе боюнча президенттик бийликтин позициясын ачык айтуу талап кылынып жатса, “Мен бул маселе боюнча президентке “записка” киргиземин” — ​деген жооп менен чектелген чиновниктен, дагы эмнени күтүүгө болот?!

Каптагаев “апрель революциясынан” бери чечүүчү кызмат орундарын ээлеп келе жаткан чиновниктердин бири. Ошондуктан, азыр түрмөдө жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын саясатын сынга алышы — ​абсурд сыяктуу угулат. Себеби, Атамбаевди башкалар сындаса да, ушул чиновниктин сындаганга моралдык укугу барбы? — ​деген суроо жаралат. Президент Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеп жүргөн кезинде, жок дегенде бир ирет анын тизгинин тартып: “Кийин уят болуп калышыбыз мүмкүн, андай кылууга болбойт, мындай кылуу керек!” — ​деп айтканга жарады беле? Же тек гана араңжан “запискаларды” жазып, “киргизүү” менен чектелдиби? Алдындагы даяр, жазып берген сөздү окубай, “талаалап” кетчү Атамбаев Каптагаевдин “запискаларын” окумак беле?!

Каптагаев Ысык-Көл областын жетектеп турган кезде “бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланганы үчүн” кызматтан алынган. Бирок, бул боюнча кылмыш иши козголгонбу, же жокпу — ​азырга чейин маалымат жок. Садыр Жапаровдун тарапташтары Каптагаевдин “боткону чалып” кетип, эми түштөн кийин Садырды бошотуу керек, анын күнөөсү жок деп жүргөнүнө кыжырданып-күлүшкөнү гана маалым…

Мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турумун жөнгө салып, мыйзамдык жактан аныктаган атайын мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкер өзү иштеп жаткан команданын саясатын колдоп, керек учурда коргоп турушу зарыл. Ал саясатка макул болбосо, же ички нааразычылыгы жаралса, — ​өз ыктыяры менен кызматтан кеткени оң. Эт менен челдин ортосундагы (“ни рыба, ни мясо” болгон) чиновниктердин айынан жалпы мамлекеттик саясат аксап, анын эл арасындагы аброю ылдый кулай берет.

Мурдараакта Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары өмүрбек Субаналиев азыркы саясатчылар уюшкан кылмыш менен чогуу иш алып барып жатышат деген. Бакыт Калмаматов өз сынына эң жүйөөлүү аргумент катары ошол сөздү келтирип жатса, Эмил Каптагаев “Коопсуздук Кеңештин катчысы бир айдан бери эмнеге жооп бербей жатканын билбейм” деп, сын “жебесинен” адатынча буйтап, бул маселе башкаларга тиешелүү деп, эптеп күн, убакыт өтсө болду деген мамилесин айкындады. Эртең шайлоо өткөн соң, Конституция өзгөрүп, же эгерде Сооронбай Жээнбеков тигил же бул себептер менен кызматтан кетсе — ​анын саясатын эң алгачкы болуп сындагандардын бири (Атамбаевди сындагандай эле!) Каптагаев болсо, буга эч таң калбаш керек!..

Президенттик басма сөз кызматы, пресс-секретары деле Каптагаев сыяктуу “позицияны” ээлешип, же бар, же жок экени билинбей жатышканы түшүнүксүз. Дал ушул түзүмдөрдүн алсыздыгынан, активдүү иштей албагандыгынан улам, президент Сооронбай Жээнбековду сындагандардын катары өсүүдө. Маалымат жыйындарын байма-бай өткөрүп, президенттин коррупция менен күрөшүү боюнча, экономикалык жааттагы алгылыктуу иштерин элге жайылтуу солгундаган.

Стратегиялык изилдөө институту демекчи, алыскы келечек стратегиясын мындай кой, жакынкы эки-үч жылга карата (Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнө жараша) иштиктүү программа иштелип чыгып, сунушталганбы? “2040-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасы” сыяктуу, Атамбаев айтмакчы, жарымы араң аткарылып, жарымы кагазда калчу “пландар” эмес, конкреттүү — ​күнүмдүк “рабочая” программа зарыл. “Төө кыядан өткөн соң, “о-о!” дегениң курусун!” — ​деген деңгээлде иштеген Каптагаев андай оперативдүү ишке жарашы күмөн…

Россияда финансы министри Алексей Кудрин орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен өтө принципиалдуу маселе боюнча келише албай, кызматтан кеткен. Ал Владимир Путиндин тапшырмасы менен стратегиялык альтернативалуу программа иштеп чыгып, конкреттүү демилгелерди көрсөтүп, өкмөттү да такымга чапкылап-иштетишке мажбур кылып келди. Натыйжада, туш-тарабынан экономикалык санкцияларга учураган өлкө өз деңгээлин, өсүү темпин жоготпой, экономикалык көзкарандысыздыгын гана сактап калбай, союз таркагандан бери алгачкы ирет данды (өнөр жай продукцияларын айтпай эле коелук) экспорттой баштады.

Союз кулагандан чейрек кылымдан соң, коңшулаш Казакстан өз алдынча мамлекет катары бутуна ишенимдүү туруп, эң өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кирүүгө белсенип жаткандыгын жарыя кылды. Ал эми өзбек президенти Ислам Каримов адеп бийликке келгенде эле “Узбекистан — ​государство с великим будущим!” деген ураанды идеологиялык чакырыкка айланткан. Андай саясаттын жыйынтыгы азыр ачык көрүнө баштады. Бул эки өлкөдө тең алиге чейин чечиле элек, утурумдук социалдык оор маселелер бар экендигине карабастан, өндүрүш, өнөр-жай алдыга кеткени маалым. Бул тармактар жалпы экономиканы локомотив катары сүйрөп, элдин жашоо деңгээли да улам убакыт өткөн сайын көтөрүлө берери турган иш.

Ар бир өлкөнүн кандай өнүгүп жаткандыгын далилдеген эки көрсөткүч бар. Элдин санына, же мамлекеттин чоң-кичинелигине карабай, — ​ал өлкөнүн маданиятынын өнүккөндүгү жана спорт жетишкендиктери бааланат. Казакстан менен Өзбекстан соңку эки жолку дүйнөлүк Олимпиадаларда 21-жана 22-орундарды ээлешип (жалпы 210 команданын ичинен!), 15–20нын тегерегиндеги алтын, күмүш, коло медалдарын алышууда. Согуштан кийинки Тажикстан бир күмүш медаль алса, Кыргызстан штангадан бир коло медалына жетип, аны допингге байланыштуу кайра “алдырган”!..

Бийликти бирдиктүү, күчтүү программа боюнча иштеп, жалпы коомчулукту бир максатка умтултуп, башын коштурган мамлекеттик идеологиянын жоктугу улам барган сайын ачык байкалууда. Аны иштеп чыгуу үчүн, президенттин айланасында күчтүү командасы болушу абзел. Жана да ал команданы жандантып, улам “ойготуп”, алдыга түрткү берип турган күчтүү оппозиция түзүлүшү зарыл. Азырынча бизде бул экөө тең жок.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №17, 18-сентябрь 2020-жыл

Комментарий жиберүү