Коронавирусту эң ылдам аныктаган тест жасалды

Германиянын “Bosch” компаниясы коронавирустук инфекцияны эң ылдам аныктаган тест-система  жасап чыгарды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Аталган компаниянын маалыматына караганда, жаңы иштелип чыккан тест-система натыйжаны 39 мүнөттө көрсөтөт. Ал учурда дүйнөдөгү эң ылдам ПЦР тест деп эсептелинет. “Bosch” компаниясы SARS-CoV-2 козгогучун аныктоо үчүн өзүнүн Vivalytic аналитикалык шайманы үчүн жаңы экспресс-тест иштеп чыкты.

Тесттин жыйынтыгы ишенимдүү түрдө 39 мүнөттүн ичинде аныкталат. Учурда дүйнөдө ПЦРдин негизинде иштеген ылдам тесттер жок”, – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Маалыматта белгилегендей, бул продукцияны мобилдик тестирлөө жайларында, ыкчам натыйжаны алуу зарыл болгон жерлерде, атап айтканда аэропорттордо жана автобандардын унаа токтоочу жайларында колдонсо болот.

“Bosch” компаниясы кошумчалагандай, бул тест-системаны  учурда Европада колдонууга болот. Тест-система Германиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен иштелип чыккан.

Комментарий жиберүү