Украинада кулаган аскердик учакта каза болгондордун саны айтылды

Акыркы маалыматтарга караганда, кечээ, 25-сентябрь кечинде Украинанын Харьков облусунда кулаган Украинанын аба күчтөрүнө таандык “Ан-26” аскердик учагында 22 киши каза тапты.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, кырсыктан эки адам тирүү калып, дагы төрт адам дайынсыз болууда. “Алдын ала маалыматтар боюнча,  учакта 28 адам болгон, анын ичинде 7 офицер жана 21 курсант болгон.

Тилекке каршы, 22 адам каза болуп, 2 адам аман калды (бир адам оор абалда), ушул тапта төрт адамдын тагдыры белгисиз. Биз алардын саламаттыгы үчүн тиленебиз жана бардык керектүү чараларды көрүп жатабыз”, – деп жазды Харьков облусунун мамлекеттик администрациянын башчысы Алексей Кучер телеграммдагы билдирүүсүндө.

Комментарий жиберүү