Баку: Армения тарапта Сириядан келген жалдангычтар согушуп жатат

Азербайжандын коргоо министрлиги Карабахта Армения тарапта Сириядан жана Жакынкы Чыгыштан келген жалданма аскерлер согушуп жатышат деп билдирди.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

“Чалгындоо маалыматтары боюнча душмандын жоготууларынын арасында Сириядан жана Жакынкы Чыгыштын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген теги армян жалданма аскерлер көп. Бирок алар Арменияда расмий катталбагандыктан, душман бул жоготууларды оңой эле жашырып жатат”, – деп билдирди коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы, полковник Вагиф Даргяхлы журналисттерге.

Ошол эле учурда, буга чейин Армениянын Орусиядагы элчиси Вардан Тоганян РИА Новостиге берген маегинде, Түркия Сириядан жөнөткөн  согушкерлер Тоолуу Карабахтагы аскердик аракеттерге Баку тарапта согушуп жаткандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабахтагы чатагы 27-сентябрь күнү эртең менен күчөгөнү жана эки тарапта тең жаракат алгандар жана каза болгондор бар экени маалымдалган.

Комментарий жиберүү