Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан жоготуулар 1 миллионго жакындап калды

Дүйнө жүзү боюнча статистикалык эсептөөлөр көрсөткөндөй, коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны отуз үч миллиондон ашты, ал эми курман болгондордун саны жети орундуу санга жетейин деп калды.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 33 033 462 адам коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 998 048 адам көз жумган.
Ал эми, 24 382 069 адам илдеттен айыгышты.
Вирус жайылган өлкөлөрдүн ичинен Америка Кошмо Штаттарында 7 млн. 280 миңдей учур катталып, дүйнөдө илдет эң катталган өлкө болуп эсептелет.
АКШда акыркы бир сутка ичинде илдеттен 667 өлүм катталган. Ошондой эле Америкада коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 209 миңге жетти жана жоготуулардын саны боюнча дагы дүйнөдө алдыңкы орунда турат.

Комментарий жиберүү