Малайзия: Палестина жана Рохинжа мусулмандары боюнча маселе күчтүүрөөк БУУ керек экенин көрсөтүп турат

Малайзиянын премьер-министри Мухиддин Яссин БУУнун Башкы Ассамблеясындагы виртуалдык сөзүндө, Палестина жана Рохинжа мусулмандарынын маселесине токтолуп, бул абал күчтүүрөөк жана жакшыраак Бириккен Улуттар Уюму зарыл экенин көрсөтүп турат деп баса белгиледи.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
БУУнун Башкы Ассамблеясында видео конференция аркылуу сүйлөгөн Мухиддин Яссин адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн бул эл аралык уюмду реформалоо зарылдыгын белгиледи жана ошондой эле Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн вето укугун колдонушун сынга алды.
Мындан тышкары, ал коронавирустун жайылышы улана берсе, терроризм күч алышы мүмкүндүгүн эскертти.
Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани дагы БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө БУУ өз мүчөлөрүн БУУнун Уставын кармануусуна мажбурлоо үчүн керектүү механизмдерди табууга жетише электигин жана дагы деле болсо дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында күч колдонуулар болуп жаткандыгын айтты.
“Бүгүн, биз үстүбүздөгү кылымдын үчүнчү он жылдыгынын алдында турабыз жана бардык аракеттерге карабастан, дүйнө жүзү дагы деле болсо ар кандай болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болууда, алардын эң негизгиси – аймактагы жана дүйнөдөгү чыңалуу борборлорундагы абалдын начарлашы, куралсыздануу, экологиялык маселелер, туруктуу өнүгүү, терроризм жана башка глобалдык чакырыктарга байланыштуу маселелер”, – деди Катардын эмири.

Комментарий жиберүү