Окумуштуулар өмүрдү узартуунун сырын атады

Британиялык окумуштуулар узак жашоого өбөлгө түзгөн эң мыкты азыкты атады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Express” басылмасына шилтеме берип кабарлады. Окумуштуулардын айтымында, узак жашоо үчүн эртең мененки тамактануу учурунда майлуулугу аз йогурт ичүү керек, йогурттун даамын өзгөртүш үчүн ага жаңгак же жемиш кошсо болот.

Адистердин айтымында, бул азык адамдарга ден-соолукка байланыштуу көптөгөн олуттуу көйгөйлөрдөн алыс болуууга жардам берет. Тамактанууну коррекциялоо менен адамдын өмүрүн кыйла узартууга болот. Семирүү – жүрөк оорусун жана диабетти пайда кылаары окумуштууларга эчактан бери эле белгилүү.

Окумуштуулардын айтымында, рационго мезгил-мезгили менен дан өсүмдүктөрүн, балык жана деңиз азыктарын кошуп туруу керек жана диетаны үзгүлтүксүз  физикалык кыймылдар менен айкалыштыруу зарыл.

Комментарий жиберүү