Сауд Аравия Түркиядан келген бардык товарларга эмбарго жарыялады

Сауд Аравия Түркиядан келген бардык товарлардын киришине тыюу салды. Эр-Рияд жергиликтүү ишканалар Анкара менен соода жүргүзбөөсү үчүн аларга кысым көрсөтүп жатат.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги «Cumhuriyet” басылмасына шилтеме берип жазды.

Сауд Аравия Анкара менен иш алып барган компанияларга айып пул салынарын эскертти. Мындан тышкары, сауд бийлиги өз жарандарын Түркияга баруудан алыс болууга чакырды. Маалыматта белгиленгендей, Эр-Рияддын бул чечими Түркиянын алсыз экономикасына катуу сокку урат. Сауд Аравияга жасалган экспорт Түркиянын казынасына жүз миллиондогон доллар киреше алып келет. Сауд Аравиянын бул кадамы Анкаранын Тоолуу Карабахтагы аракеттерине жооп катары жасалгандыгы айтылууда.

Өткөн жылы дагы саудиялыктар саясий себептерден улам Түркиянын кээ бир  товарларына, анын ичинде текстиль жана тез бузулуучу продукцияларга эмбарго киргизген.

Буга чейин Түркия Тоолуу Карабах жаңжалында Азербайжанга жардам берүүгө даяр экенин  жарыялаган.

Комментарий жиберүү