Тоолуу Карабакта бомбалоодон 50 шаар жабыркады

Тоолуу Карабактын акыйкатчысы Азербайжан аскерлеринин кол салуусунан аймактагы 50 шаарга зыян келтирилгенин билдирди.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, жекшемби күнү Тоолуу Карабактын акыйкатчысы Артак Бегларян аймактагы 50дөн ашуун шаарга Азербайжан аскерлери кол салышканын билдирди.
Артак Бегларян Тоолуу Карабак Республикасынын маалыматтык штабында кыскача баяндама берип, “Алдын ала маалыматтарга ылайык, 50дөн ашуун шаарга Азербайжандын учкучсуз учактары жана артиллериясы тарабынан кол салынды”, – деп билдирди.
Жекшемби күнү Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабактагы байланыш линиясында жайгашкан шаарлар тарапка ок чыгарышты деп жарыялаган. Берилген маалыматтарга ылайык, бул кол салууларда карапайым адамдардын арасында курман болгондор бар.
Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Тоолуу Карабакка абадан жана ракеталык чабуулдар жасалган.
Тоолуу Карабак Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Ваграм Погосян Тоолуу Карабак, анын ичинде борбору Степанакерт турак жайлар артиллериялык аткылоонун алдында калышты деп билдирди. Армениянын министрлер кабинети Тоолуу Карабактагы кырдаалга байланыштуу аскердик абал жарыялады.

Комментарий жиберүү