Улуу Британияда коронавирустан күнүнө 200гө чейин адам көз жумушу мүмкүн

Улуу Британиянын өкмөтүнүн башкы илимий кеңешчиси эгер өлкөдө коронавирус боюнча учурдагы тенденция улана берсе, бул өлкөдө күнүнө 200 адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүндүгүн эскертти.

«Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын өкмөтүнүн башкы илимий кеңешчиси  Патрик Валланс, эгерде коронавирус жуктуруп алуунун учурларынын деңгээли азыркы деңгээлде өсө берсе, октябрдын ортосунда күнүнө 50 миң учур жана 200 өлүм катталышы мүмкүн экенин эскертти.

Ошондой эле, Улуу Британиянын жогорку даражалуу медициналык кызматкери Крис Уити дагы өлкө жакынкы алты айда өтө чоң COVID-19 тобокелдигине кабылуу коркунучу турганын эскерткен.

Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, Улуу Британияда COVID-19 менен ооругандардын саны 435 миңден ашты жана бул коркунучтуу вирустун курмандыктарынын саны 41 990го жетти.

Комментарий жиберүү