Өзбекстан Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалды тезинен токтотууга чакырды

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалды тезинен токтотууга чакырды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалуунун курчушуна тынчсызданып жатканын билдирип, эки өлкө ортосундагы жаңжалды тезинен токтотууга чакырды.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө, жаңжал учурунда аскердик күч колдонуу эки тараптан тең көп сандаган адамдардын өмүрүн алып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Өзбекстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин президенти катары дагы бир жолу КМШнын алкагында эл аралык укуктун жоболорун катуу кармануу менен достук мамилелерди, жакшы коңшулаштыкты жана өз ара ишенимди чыңдоо менен тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Билдирүүнүн аягында Өзбекстан Азербайжан Республикасы менен Арменияны согуш аракеттерин токтоосуз токтотууга жана талаш-тартыштарды эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүктүн принцибине ылайык тынчтык жолу менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

Белгилей кетсек, талаштуу Тоолуу Карабак аймагында Азербайжан менен Армениянын ортосунда аскердик кагылышуулар кайрадан башталды жана эки өлкө тең өзгөчө кырдаал жарыялашты.

Комментарий жиберүү