Азербайжан: Армения менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Армениянын расмий адамдары менен талаштуу Тоолуу Карабак аймагындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу  ар кандай божомолдорду четке какты.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, Алиев Тоолуу Карабак аймагындагы чыр боюнча Армения менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн бардыгын четке кагып, Еревандын талаптарын кабыл алынгыс  деп атады. Ал Бакунун өнөктөшү болгон Түркия Армения менен болгон жаңжалга кийлигишпейт деп кошумчалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү Арменияга каршы расмий позицияны карманып, Тоолуу Карабак жаңжалында Азербайжанды колдоп, Армениянын күчтөрүн талаштуу Карабактан чыгып кетүүгө чакырган. Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу дагы өлкөсү Азербайжан Республикасын колдой тургандыгын кайталап, Анкара талаштуу Тоолуу Карабак аймагында тынчтык орнотуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасарын айткан.

Комментарий жиберүү