Коронавирус: Тойлорду өткөрүү кайра токтотулууда

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жайылышы кайрадан күчөй баштаганына байланыштуу, бир топ чектөөлөр кайрадан киргизилип жатат. Мисалы үйлөнүү-үлпөт тойлорун өткөрүүгө киргизилген чектөө катуу көзөмөлдөнө турган болууда.

Өлкөдөгү Жарандык коргонуу боюнча штабдар, коомдук тамактануу жайларынын, ресторандардын жана тойкананын ээлери менен той-мааракелерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүштү.

Алар атайын рейддерди өткөрүп, болуп жаткан тойду токтотуп да коюшууда. Ал ми жарандар жашынып той өткөрүүгө өтүштү.

Кыргызстандыктар болжол менен бир жылда бир миллиард доллардай каражатты аш-тойлорго жумшаары айтылып жүрөт. Буга чейин көп чыгымдуу той-мааракелерди өткөргөндөргө салык киргизүү демилгеси көтөрүлүп, бирок ал колдоо тапкан эмес.

Өлкөдө коронавирустук инфекциянын күчөп турган чагында, расмий тойлорго жол берилген жок. Болбосо жылына мамлекеттик бюджеттен каржыланган той-аштар өтчү. Мисалы: 2018-жылы Өкмөттүн атайын буйругунда, мамлекеттик деңгээлдеги той-аш, маараке жана жеке юбилейлердин саны 100дөн ашканы айтылган.

Комментарий жиберүү