Кувейтттин канцлери: Кувейттин эмири каза болду

Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмад аль-Жабер ас-Сабах АКШда ооруканада көз жумду.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кувейттин канцлери   29-сентябрда өлкөнүн эмири  Сабах аль-Ахмад ас-Сабах 91 жашында АКШда ооруканада көз жумганын билдирди.
Эмирдин ооруп жатканы бир нече айдан бери айтылып жаткан. Ал өткөн жылдан бери бир нече жолу ооруканага түшкөн.
Сабах аль-Ахмад ас-Сабах 2006-жылы 29-январда бийликке келген. Ага чейин 50 жылдан ашык Кувейттин тышкы саясат мекемесин жетектеген. Ал эми Аль-Сабах үй-бүлөсү Кувейтти 1750-жылдан бери башкарып келишкен. Сабах аль-Ахмад ас-Сабахдын ордуна иниси шейх Наваф аль-Ахмад ас-Сабах эмир болуп калат.
“Independent” гезитинин 2010-жылдагы дүйнөдөгү эң бай лидерлер боюнча отчетунда Ас-Сабах 14-орунду ээлеген.

Комментарий жиберүү