Сооронбай Жээнбековдун Россия менен Венгрияга жасаган иш сапары кандай аяктады?

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков пандемиядан кийин алгачкы жолу чет элге иш сапар жасап келди. 28-сентябрда Сочиден башталган иш сапар, андан ары Венгрияда расмий сапар менен уланды.

Көп маанилүү расмий сөздөр

Алгач Сочи шаарында жарым күндүк иш сапарда болгон Сооронбай Жээнбеков Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Кыска убакытка созулган жолугушууда Владимир Путин Кыргызстанга кандай экономикалык жардамдарды берип келатканын санап айтып берди. Андан ары Борбор Азия аймагындагы жагдай жана кыргыз-орус алакасы боюнча бетме-бет сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк болуп турганын белгилеп өттү.

“Биз Сиздин, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту камсыздоо боюнча аракеттериңизди ырааттуу колдоп келе жатканыбызды билесиз. Сиздин аракетиңиз менен бул иштер дагы да улантылаарына үмүтүбүз чоң. Биз өз кезегинде мамлекет жетекчиси катары Сиздин жана Кыргызстандын, Кыргызстандын элинин өлкөнү өнүктүрүү боюнча алдыга коюп жаткан масштабдуу максаттарыңыздын аткарылышы үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз”, – деп айтты Владимир Путин.

Сооронбай Жээнбеков расмий Москванын Кыргызстанга көрсөтүп жаткан саясий жана экономикалык колдоолоруна ыраазылык билдирди. Мындан тышкары, кийинки күндөрү Кыргызстандын эгемендиги тууралуу коомдук талкуу козголуп жатканын айтып, аны эки өлкө ортосуна кагылып жаткан шынаа катары сыпаттады.

“Урматтуу Владимир Владимирович, Кыргызстандын эли Сиз менен болгон жолугушуубуздан көп нерсени күтөт. Айрыкча парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы турган ар кандай күчтөр жанданды. Алар Кыргызстандын Эгемендигине кол салууга аракет кылып, биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет. Албетте, биз аларга жол бербейбиз, алар ийгиликке жете алышпайт. Анткени, Орусиянын бизди колдоосу абдан маанилүү жана бул үчүн Сизге ыраазымын. Кыргызстан Орусиянын чыныгы дос, союздаш, стратегиялык өнөктөш катары бекем каруусун ар дайым сезип келет”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз президенти кесиптешине Евразия турукташтыруу фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн бөлүп берген 100 млн доллар насыя үчүн да ыраазылыгын билдирди. Эпидемиялык абалды турукташтырууда көрсөткөн жардамын, “Газпромдун”, орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун кичи жана орто бизнести колдоодогу салымын да белгилеп өттү.

Кыргыз-орус лидерлеринин жолугушуусу суроо жаратты

Президент Жээнбековдун бул чет элдик сапары пандемиядан кийинки алгачкы эл аралык иш-чара болуп жатат. Эки президенттин бул жолугушуусу жана сүйлөшүүлөрдүн маанайы жергиликтүү серепчилердин талкуусуна алынды. Бир даары президенттин расмий сайтында жолугушуунун максаты, натыйжасы тууралуу маалымат таба алышпаганын айтат. Расмий булактарда болгону эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланды деген супсак маалымат берилген.

Саясатчы Каныбек Осмоналиевдин пикиринде президент Жээнбековдун Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушуусунун маанисин жандоочулары ачык-айкын түшүндүрүп коюшу зарыл болчу.

“Президенттик аппараттын башчысы же маалымат катчысы иш сапардын мазмуну тууралуу элге алдын-ала маалымат бериши керек эле. Мен андайды көргөн жокмун. Ошондуктан президенттин бул иш сапары түшүнүксүз болуп жатат”, – дейт Каныбек Осмоналиев.

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов Сооронбай Жээнбековдун Орусияга иш сапары өнөкөткө айланган позиция такташуу шааниси деген пикирде. Айтымында, бул жолугушуу бийлигин сактап калуунун салтка айланган аракети болууда.

“Жээнбековдун сапарынын бир эле себеби бар. Чоң саясий иш-чараларды утурлай Орусияга барып, Путин менен позицияларды такташып туруу өнөкөткө айланган. Акыркы он жыл ичинде биз дүйнө жүзүнө дагы Москванын көзү менен карап калганыбыз жашыруун эмес. Негизги максат – бийликти сакта калуу болуп жатат. Бизде эки ыңкылапта тең албетте, элдин нааразылыгы болгону чын, бирок тышкы кийлигишүү негизги фактор болгон да. Биринчисинде Америка кийлигишсе, экинчисинде Орусиянын кийлигишүүсү болгон. Ошондуктан, азыр бир эле максат – бийлигин сактап калуу болууда”, – деген пикирде дипломат Аскар Бешимов.

Кызык жагдай, бул иш сапар башкы бийликчил партиянын лидеринин Кыргызстандын эгемендигин Орусиянын пайдасына садага чабуу тууралуу сөздөрүнө коомчулуктагы нааразы пикирдин күчөп турган учуруна дал келип отурат.

Укуктук серепчи Эржан Сулайман президент Жээнбековдун жолугушуудагы сөздөрүнөн кош маанилүүлүктү аңдаган.

“Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоолор алдында өлкөдөгү туруктуулук жана өнүгүүгө каршы болгон түрдүү күчтөрдүн активдешкенин айтып, “алар керек болсо биздин эгемендүүлүгүбүзө кол салуу аракетин көрүп, биздин союздук мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө доо кетирип жатышат. Бирок биз аларга жол бербейбиз, алардын колдорунан эч нерсе келбейт, себеби Орусиянын колдоосу биз үчүн негизгиси жана абдан маанилүү” дегени, президент кайсыл күч тууралуу айтып жатканынын түшүнүксүздүгүн жаратты. Сөз “Биримдик” партиясы тууралуу болуп жатабы же ага каршы нааразычылыгын билдирген коомчулук тууралуу болуп жатабы, ким билсин. Бул адаттагыдай эле кыргыз саясатындагы так ачыкталбаган, көп жүздүү позициянын бир мисалы гана болду”, – дейт Эржан Сулайман.

Эржан Сулаймандын пикиринде мындай учурда, президенттин өз элине так билдирүүсү, “Биримдик” партиясы жана анын төрагасы боюнча конкреттүү чечим кабыл алынышы керек. Адаттагыдай унчукпай убакыт өткөрүү жеке президентке да, парламенттик шайлоонун мыйзамдуу жана таза өтүшүнө да ишенимди толук жокко чыгарат.

Эске салсак, Кыргызстанда кызуу жүрүп жаткан парламенттик шайлоодо башкы бийликчил партия катары сыпатталып жаткан “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун өткөн аптада интернетке чыгып кеткен пикири коомдун кызуу талкуусун жаратты. Анда Аманкулов өткөн жылдын этегинде Орусия саясатчылары менен жолугушууда “эркин жашоо жакшы, бирок үйгө кайтаар кез келди” деп, Кыргызстанды Орусиянын курамына бириктирүү идеясын көтөргөн. Ага чейин Кыргызстандын Орусиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттокуров да орус медиасына маек берип жатып “Кыргызстанда Орусияга кошулуу тууралуу пикир айткандар көбөйүп жатат”,- деп билдирген. Бирок, расмий бийлик бул окуялар боюнча ак же көк деген олуттуу пикир айта элек. Бийликчил “Биримдик” партиясы бул шайлоодо “Евразиялык интеграция” идеясын жигердүү пропагандалап келет.

Венгер сапары Европа мүмкүнчүлүктөрүнө үмүт берет

Сочиден ары Будапештке сапар алган Сооронбай Жээнбековду Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан тосуп алды. Кыргыз президентинин бул расмий визити Венгрия жетекчилигинин чакыруусу боюнча жасалды.

Европа Биримдигинин курамындагы тектеш Венгрия мамлекети менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

“Бүгүн тарыхый күн. Биз Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга жана олуттуу документтерге кол койдук. Бул чечим эки өлкөнүн жарандары үчүн терең мааниси бар. Муну менен биз эки тараптуу мамилелердин жаңы барагын ачтык”, – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге жана Кыргыз-Венгер өнүгүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул фонддун капчыгына Будапешт тарабынан 50 млн долларлык насыялык линия ачылды. Жээнбековдун тастыкташынча, фонд жыл аягына чейин ишин баштап калат.

“Бүгүн абдан маанилүү документтерге кол коюлду. Алар кош салыкты жоюу, инвестицияларды коргоо, саламаттык сактоо, экономиканы санариптештирүү, айыл-чарбасы жана башка тармактарды камтыйт. Бизден келип окуп жаткан студенттер үчүн бюджеттик орундарды 75тен 150гө чейин көбөйтүп бергени үчүн венгер тарапка ыраазылык билдирем. Бүгүн Будапештте кыргыз-венгер бизнес-форуму өтөт, ага Кыргызстандан ишкерлердин делегациясы келген. Ишкерлерибиз үчүн Венгриянын жана бардык Европанын базарларына жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ишенем”, – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Айткандайэле, визиттин алкагында Будапештте кыргыз-венгер бизнес-форуму болуп өттү. Форумда венгер компаниялары Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу ниеттерин билдиришти. GANZ компаниясы Кыргызстанда жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте электр көмөк чордондорун жана насосторду өндүрүүчү ишкана ачууга кызыкдар.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болуп өттү.

А. Белеков

Комментарий жиберүү