Индиянын түштүгүндө катуу жааган жамгыр менен суу ташкыны 15 адамдын өмүрүн алды

Индиянын түштүгүндөгү Телангана штатында нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны менен жер көчкүдөн кеминде 15 адам каза болду.

“Fars News” агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Индиянын түштүгүндөгү Телангана штатында болуп көрбөгөндөй жамгыр жана суу ташкыны бир канча үйлөрдү кыйратып, кеминде 15 кишинин өмүрүн алды.

 Индия полициясынын билдирүүсүндө, провинциянын борбору Хайдарабадда үйдүн дубалы капталдагы үйгө кулап түшкөндө дагы төрт адам каза болгон.
Ал эми түн ичинде тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Хайдарабаддын айрым аймактарынын топурагы бошоп,  чөгүп кетип,  үйлөрдүн урашына алып келди.  Натыйжада бул кырсыктан  13 адам жана селдин кесепетинен эки адам каза болду.
Мындан тышкары нөшөрлөгөн жамгыр шаарды аэропорт менен байланыштырган унаа жолунун бир бөлүгүн дагы бузуп кетти. Райондун жетекчиси  Амои Кумардын айтымында, шаардагы көл ташкынынан чыккан суунун агымы 30 унааны, анын ичинде бир нече жүк ташуучу унааларды агызып кеткен.
Британиялык The Independent гезити билдиргендей, быйыл Түштүк Азия боюнча 9,6 миллиондон ашуун адам катуу суу ташкынынан жапа чекти жана анын кесепетинен жүз миңдеген адамдар керектүү азык-түлүк жана дары-дармектерди алуу үчүн күрөшүп жатышат.
Эске салсак, Индияда, Бангладеште жана Непалда июнь айында жаан-чачын башталгандан бери 550гө жакын адам каза болуп, миллиондогон адамдар жер которууга аргасыз болушкан.

Комментарий жиберүү