Түркия: Бизди сынабагыла, Баку басылып алынг анаймактарды кайтарып алмайынча токтобойт

Түркиянын Коргоо министри Анкаранын Тоолуу Карабактагы чыңалууга байланыштуу абалын, Жер Ортолук деңизинин чыгыш тарабы жана Ливия менен Сириянын Идлиб боюнча өз позициясын билдирди.

“Fars News” агенттиги билдиргендей, Түркиянын Коргоо министри Халуси Акар Түрк аба күчтөрүнүн академиясынын Улуттук коргонуу ЖОЖунда сөз сүйлөп, өз өлкөсүнүн чыңалуу болуп жаткан аймактардагы абалын билдирди.
Ал өз сөзүндө Түркиянын Жер ортолук деңизинин чыгышындагы, Греция менен болгон Эгей деңизиндеги чыңалууда, Ливиядагы, Сирияныны Идлибиндеги жана Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыр-чатактар боюнча Анкаранын позициясын баяндады.
“Бизди сынабагыла” деди Түркиянын Коргоо министри. “Диалог жана сүйлөшүү жолу менен жасала турган нерселердин бардыгын чечели.”

Түркиянын Жер Ортолук деңиз боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн эскертүүсү жана өтүнүчү

Белгилей кетсек,  Анкара жакында Жер Ортолук деңизинин чыгыш тарабында геологиялык чалгындоо жана бургулоо иш-аракеттерине байланыштуу олуттуу чыңалууга туш болгон жана ушуга байланыштуу ЕБ дагы Түркияга санкцияларды киргизээрин эскерткен.
Ошондой эле Халуси Акардын сөз сүйлөөсүнөн бир күн мурун Түркиянын деңиз флоту Греция менен талаштуу аймакка дагы бир чалгындоо-изилдөө кемесин жөнөтүү ниетин билдирген.
Эске салсак,  Афина тарап Греция менен Түркиянын талаштуу деңиздеринде көмүр суутек ресурстарын табуу жана бургулоо үчүн түркиялык изилдөөчү кемелердин болушуна карата катуу каршылык көрсөтүүдө.
Халуси Акар өз сөзүнүн уландысында Тоолуу Карабак аймагындагы Азербайжан Республикасы менен Армениянын ортосундагы акыркы кагылышуулар боюнча Түркиянын позициясын баяндады. Ал  Армения болжол менен 30 жыл мурун Азербайжан Республикасына басып кирүү менен Азербайжан аймагынын 20%ын ээлеп алгандыгын билдирди.
Түркиянын Коргоо министри  Азербайжан Республикасы өз аймактарын кайтарып алууга аракет кылып жатканын белгилеп: Армениянын Тоолуу Карабакты басып алуу аракетин токтотуусу керек,- деди.
Ал мындай деп кошумчалады: “Согуш башталгандан кийин айрымдар сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керектигин эстешип,  сүйлөшүү  жолдору, тынчтык ыкмалары жана саясий чечимдер жөнүндө айтышууда.  Биз аларга мындай суроо берет элек:  Азербайжандык боордошторубуз 30 жылдан бери сүйлөшүүлөрдү  жана саясий чечимди күтүп келишкен, силер ушул убакыт аралыгында эмне иш жасадыңар?”
Түркиянын Коргоо министри Тоолуу Карабак жаңжалында Азербайжан Республикасын колдой тургандыгын жарыялап, Азербайжан Республикасы акыркы (Россиянын ортомчулугу менен)  ок атышпоо боюнча милдеттенмесине карабастан, Армения бул келишимди этибарга албаганын эскертти.
“Алар (армян күчтөрү) Ганжага жана башка аймактарга чабуулун улантышууда жана турак-жайларды мыкаачылык менен бутага алышууда, ошондуктан бүт дүйнө алардын согуштун тилинен башка эч нерсени түшүнбөй тургандыгын көрүшү керек”, – деп улантты ал.
Акардын айтымында, Азербайжан Республикасы  Армения оккупацияланган аймактардан жалданма аскерлер менен террорчуларын чыгарып кетмейинче ок атуусун токтотпойт.

Азербайжан өз жерлерин кайтарып алмайынча артка чегинбейт

Түркиянын Коргоо министринин Тоолуу Карабак аймагы боюнча жакында Россиянын ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышпоо келишими оптимисттик маанайда өткөнү менен Азербайжан менен Армениянын ортосунда кагылышуулар уланып жатканын жана Баку менен Ереван бири-бирин ок атышпоо келишимин бузду деп айыпташып жатышканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, кечээ Түркиянын Коргоо министри орусиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен телефон аркылуу Азербайжан Республикасы менен Армениянын ортосундагы жаңжал жөнүндө сүйлөштү.
Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Акар бул телефон чалууда Бакуну колдоорун  баса белгилеп мындай деди: “Армения күчтөрү Азербайжан Республикасынын оккупацияланган аймактарын бошотуп, карапайым калкты бутага алууну токтотушу керек.”
Эске салсак, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрт резолюциясы жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын эки резолюциясы жана көптөгөн эл аралык уюмдары Тоолуу Карабактан оккупациялык күчтөрдүн чыгып кетүүсүн талап кылган.


Акар Түркиянын Улуттук Коргоо ЖОЖунда сүйлөгөн сөзүн улантып, Анкаранын Ливия боюнча абалын, ошондой эле Сириянын Идлибиндеги окуялары жөнүндө сөз кылды.
Ал ошондой эле, Түркиянын Ливия менен бир туугандык мамилелеринин 500 жылдык тарыхын баса белгилеп, Анкаранын Ливияда болушу мыйзамдуу өкмөт менен түзүлгөн келишимге ылайык экенин жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылгандыгын айтты.

Акар: Ливиядагы түрк аскерлеринин катышуусу уланууда

Түркиянын Коргоо министри Ливиядагы өз өлкөсүнүн болушун жана аскердик иш-аракеттерин эл аралык мыйзамдарга ылайык деп атап: “Башка өлкөлөр (Түркиянын ишмердүүлүгү жөнүндө) айрым өлкөлөрдүн укуктарын жана мыйзамдарын тааныбастан, өзүлөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөндүктөн, девианттык билдирүүлөрдү жасашат.  Биз (Түркия) ливиялык боордошторубуз менен бирдикте, аймактык бүтүндүктү жана өз өлкөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргеликте иш алып баруу үчүн эмнени кылбадык жана мындан ары да жасай беребиз”.
Эскерте кетсек, Түркия Ливиянын Фаиз ас-Сираж башында турган Улуттук Альянс өкмөтүнүн колдоочусу. Бул өкмөт  Бириккен Улуттар Уюму Ливиянын мыйзамдуу өкмөтү деп эсептеген өкмөт, бирок Ливияда айрым Батыш жана Араб өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болгон генерал Халифа Хафтардын командачылыгындагы “Ливиянын Улуттук Армиясы” деп аталган күчтөр бул улуттук биримдик өкмөтүнө каршы күрөшүүдө.

Түркиянын Коргоо министри: Биздин Идлибдеги катышуубуз Сирия эли үчүн!

Акар Башар Асаддын режими Идлибде миңдеген кишини өлтүргөнүн жана Түркия Идлиб элинин кырылуусун токтотуу үчүн ошол жерде иш алпарып жатканын ырастады.
Анын айтымында, түрк аскерлери  Идлибде иш алпаруусун баштагандан  кийин 400 миңден ашуун сириялыктар үйлөрүнө кайтышкан.
“Биздин орустар менен сүйлөшүүлөрүбүз улантылууда”, – деп кошумчалады ал. “Тынчтык жолу менен кандайдыр бир саясий чечимге жетишүү үчүн биз Анкара менен Москвадагы ички кеңешүүлөрдү улантып жатабыз.”
Белгилей кетсек, Акардын Идлибге байланыштуу шашылыш билдирүүлөрү жана Сириянын мыйзамдуу президентине каршы айткандары менен бирге Дамаск түрк аскерлеринин Сирияда болушун оккупация жана террорчуларды колдоо менен барабар деп белгилеп, Түркиянын Сириядан чыгып кетишин талап кылууда.
Эске салсак, Акар Түркиянын Россия менен Идлиб боюнча консультацияларын улантууга басым жасап, эки өлкөнүн Сириянын Идлиб провинциясында деэскалация зонасын түзүү келишимине шилтеме кылды.

Комментарий жиберүү