Орусиялык дипломат: Эң ири укук бузуулар АКШда

Орусиянын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги өкүлү өзүнүн Твиттердеги баракчасында АКШда адам укуктарын бузуу өтө көп катталаарын билдирди.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Орусиянын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги өкүлү Геннадий Гатилов Твиттердеги билдирүүсүндө АКШ эң ири адам укуктарын бузуучу  өлкө деп мүнөздөдү.
Орусиялык дипломат: “Эң ири адам укуктарын бузуучулар АКШда” деп Твиттерде жазды. “Вашингтон адам укуктары боюнча көйгөйлөргө көңүл бурушу керек. Албетте, Америка Кошмо Штаттарынын ичиндеги адам укуктарынын бузулушуна көз жумуп, башка мамлекеттерден адам укуктарынын бузулушун издөө бир топ жеңилирээк”, деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Геннадий Гатилов бул билдирүүсүн  АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Твиттердеги маалыматына жооп иретинде жазган.
Эске салсак, Помпео Твиттердеги билдирүүсүндө, АКШнын адам укуктары жаатындагы милдеттенмеси сөз жүзүнөн алда канча алдыда экенин жана АКШ Синьцзян, Мьянма, Иран жана башка өлкөлөрдүн адам укуктарын бузгандарын аныктап, аларды жазалады деп билдирди.
Орусиялык дипломат Помпеонун Твиттердеги: “Америка дүйнөдөгү жакшылыкка багытталган күч” деп ырастаган билдирүүсүнө жооп берип мындай жазган: “Алар Ооганстандын, Ирактын, Сириянын жана мурунку Югославиянын элдерине “жакшылыкка багытталган күчү “тууралуу жооп бериши  керек, себеби Америка Кошмо Штаттары бул өлкөлөрдө жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алып, үйлөрдү талкалап, адамдардын жашоолорун талкалады”.

Комментарий жиберүү