Орусия Кыргызстанда абал турукташмайынча финансылык колдоолорун токтотот

Дмитрий Песков Кыргызстандын президентинин отставкага кетүү чечимине комментарий берди.

 Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандын президентинин кызматтан кетүү чечимине комментарий берди.
“Отставкага кетерин жарыялаган Сооронбай Жээнбековдун аракетине эмоционалдык критерийлер боюнча баа берүү мүмкүн эмес”,- деп билдирди Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков.
“Мындайда турукташтырууга жана болуп жаткан нерселерди Конституциялык жолго багыттоого  себеп болгон бардык иш-аракеттер жардам берет”, – деди Песков “Кремль Жээнбековдун бийликтен баш тартуусун жоопкерчиликтүү иш же алсыздык деп эсептейби?”,- деген суроого жооп берип жатып.
Путиндин басма сөз катчысы Москва кырдаал тез арада тынчыйт деп үмүттөнөөрүн белгиледи. Ошондой эле ал Кремль Кыргызстанда ким менен диалог жүргүзөт деген суроого азырынча ишенимдүү жооп бере албастыгын айтты.
 “Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташканга чейин кандайдыр бир финансылык колдоо көрсөтүүнү токтотуу туура болот, анткени азыр туруктуу өкмөт жок”,- деп эсептейт Кремль.
 Песков Орусия Кыргызстандагы кырдаалды “өтө тыкыр” көзөмөлдөп жана жумурият менен байланышты улантууда деп баса белгиледи.
“Байланыштар болгон жана боло берет. Бул биздин абдан жакын өнөктөшүбүз”,- деп жарыялады Орусия президентинин басма сөз катчысы.

Комментарий жиберүү